Акыркы макалалар

«Экономикалык кылмыш - мамлекетке чоң зыян»

«Экономикалык кылмыш - мамлекетке чоң зыян»

Мирлан Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы:

Коррупция десе эле көмүскөгө кетип жаткан миллиондогон акчалар, аны билгизбей сугунуп койгон чиновниктер көзгө тартыла түшөт эмеспи. Ошондуктан бул багытта аткарылып жаткан иштерден кабар алуу максатында экономикалык кылмыштуулук боюнча 5 айдан бери иш жүргүзүп жаткан мамлекеттик кызматтын Нарын облусу боюнча жетекчисин маекке тарттык.

- Мирлан Абдырахманович, мурдагы Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жарлыгы менен мурдагы каржы полициясы атын өзгөртүп экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы болуп түзүлүп, жаңыдан иш баштадыңыздар? Анан түзүлүш өзгөргөндөн кийин эмне жаңылануулар болду. Штаттык бирдиктер кандай каралды, мурдагыдан кандай айырмачылыктар болууда. Ушул тууралуу маалымат берип өтсөңүз?

- 15-март 2012-жылы Өкмөттүн 176-токтому менен Кыргыз Өкмөтүнүн алдында экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы түзүлдү. 3 ай конкурс жүрүп, катуу тартипте 4 этап менен өттү. Көптөгөн адамдар кулап калды. Ошону менен июнь айында бүтүп, 12-июнда буйрук чыкты. 2011- жылы Нарын облусунда каржы полициянын өзүнчө башкармалыгы бар болчу. 2011-жылдын 6 айында 22 кызматкер иштеген. Ушул жылдын июнь айында кыскартуу болуп, жоюлгуча 18 адам иштеп келген. Кызмат түзүлгөндө Ысык-Көл-Нарын башкармалыгы болуп биригип, биз ошол жакка баш ийип, аймактык бөлүмү гана болуп калдык. Болгону 6 штат чечилип, мен 4 опер кызматкер, анан бир тергөөчү болуп иштеп баштадык. Бардык келген кызматкерлер каржы полицияда, органда иштебеген тажрыйбасы жок, конкурстан өтүп келген жаш мындайча айтканда Нарынды көрө элек балдарды жиберишти. Эки кызматкерим Аалиев Рамис, Кадыркулов Адыл бир жылдай Бишкекте салык кызматында иштеп калышкан. Наркозиев Азамат деген балабыз бар Туркиядан окуп бүтүп келип, Жогорку Кеңеште бир депутаттын жардамчысы болуп жүргөн. Бир кызматкерим Энтериев Алмаз окууну бүтүп эле конкурстан өтүп келген. Тергөөчү болсо, бир ай болду жаңы келди. Каржы полицияда жарым жыл иштеп калган Аманидинов Самат шаарда алдыңкы тергөөчүнүн бири болгон.

Өзүм 2000-жылдан бери каржы полицияда Ысык-Көлдө, Чүйдө, Бишкекте, республикалык башкармалыкта иштедим. Акыркы жоюлганга чейин жарым жылдай Чүй башкармалыкта милдетин аткаруучу болуп башкардым. Андан кийин шаардагы башкармалыкта бөлүм башчы болуп иштеп жүрдүм.

Биз экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү орган катары мамлекетке зыян келтирүү болсо, ошол акчаларды кайра ордуна коюу багытында иш алып барабыз. Салык, бажы жана башка мекемелерге келген акча менен чыгышталган акчага көзөмөл кылышыбыз керек.

Башында идея туура болгон. Бардыгын бир структура алып барса, экономикалык тармак жаңы кызматка берилет делген. Аягына чейин болбой жатпайбы. Муну менен улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура, ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы иш алып барып жатат. Биз иштеген статьялар менен эле 4 мекеме иш жүргүзүүдөбүз. Кайталанбагыдай болсо жакшы болмок.

- Жакындан бери иш тартибин жолго коюп баштапсыздар? Уюшулгандан бери кандай иштер жасалды. Эмне пландарды алдыга койдуңуздар? Кайсынын үстүндө иш алып барып жатасыздар?

- Салыштырмалуу айта кетейин 18-июндан бери 10 кылмыш ишин козгодук. Буга чейин 22 киши иштеп 1 жылда16 кылмыш ишин ачышкан. Арыз түшүп, 16 кылмыштын 8ин дүкөндөрдө арак саткандарга лицензиясы жок деп козгошкон. Иштей баштагандан бери ирилерин айта кетсем Нарын шаардык салык кызматына шалаакылык боюнча иш козгодук. Бир фирманы ээси жок эле жоюп ийишип, бул фирманын бүт документтерин жок кылып коюшкан. Азыр баш-аягын таба албай, мамлекетке канчалык зыян келтиргенин тактай албай кыйналып отурабыз. Ошондой эле Ак-Талаа районунун салык кызматына иш козголду. Көмүр боюнча тендерге катышып жаткан фирмалардын бирине карызы жок деп справка берип коюшкан. Анан жаш балдар тажрыйбасы жок, айдоочулук күбөлүктү сатып алып эле машина айдап жатышпайбы? Биздин кызматкерлердин ыкчам аракети менен Жумгал райондук транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо, сыноо бөлүмүнө чоочун эле бир баланы алып барсак, 1 сааттын ичинде 3 ай окуду кылып айдоочулук күбөлүгүн жасап берип жатпайбы. Ошондой эле Кочкордун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 083, 086 деген справкаларды жүрөгү ооруйбу, көзү көрөбү оорусун текшербей туруп сатышкан. Жөн эле акчасын төлөп алып кетишкен. Акыркы фактылардан өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан үйлөргө турак-жай башкармалыгы аркылуу 50, 200 миңден ссуда берип жүрбөйбү? Прокуратура менен бирдикте материал чогултуп, эки иш козгодук. Бирөө 304 кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, 160-статья алдамчылык, 184-статья туура эмес кредит берген, колдонгон деген статьялар менен иш козголду. Өткөн жылы «Аю» фирмасынан жасалма аксиздик марка кармалды деп күнүгө теледен берилбеди беле. Бүгүнкү күндө аксиздик марка боюнча Нарында ачтык. «Алсу» фирмасы тарабынан чыгырылган 12863 бөтөлкөлөргө чапталган жалган маркалар кармалды. Завод Кара-Балтада жайгашкан. Ар бир аймакта өкүлдөрү бар. Салык кызматынын алдында алкогол ичимдиктерин көзөмөл кылган бөлүм бар. Ошолордун кызматкерлери менен бирдикте складын текшергенде маркалар шектүү болуп калды. Материал чогултуп, Бишкектен атайын мамлекеттик санитардык соттук экспертизадан экспертти алып келип текшергенде 12863 жалган маркалар болуп чыкты. Булар мамлекетке материалдык зыян келтирип алдап жатышат. Экономиканын көмүскөдө калганы ушул да. Эч жерде катталбай салыгы төлөнбөй, сол чөнтөккө акчаны салат. Мына ушуга окшогон 10 кылмыштын бетин 5 айда ачтык. Кудай буюрса алдыда дагы алгылыктуу иштерди алып барабыз деген оюбуз бар.

- Жарандардын экономикалык кылмыштуулукка каршы мамилеси, көз карашы кандай, сиздерге кайрылып, жардам берүү жагынан бир жыйынтыктуу кадамдар барбы? Же өз жумуштарын тымызын сүйлөшүү жолу менен бүткөрүшүп, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып жатабы?

- Иш жабык боюнча калды деп айта албайм. Бизге негизинен 17 эле арыз түштү. Көбүнчө жарандар союз кезинде талкаланып кеткен дүкөндөр, жарандык байланыш боюнча кайрылышкан. Аны сот карайт. Дагы бир нерсе Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын үстүнөн иш козгогонбуз. Ошол дагы арыздын негизинде болгон. Кожоканова деген жаран арыз менен прокуратура, райондук ички иштер бөлүмүнө, акыйкат институтунун Нарындагы өкүлүнө, бизге, бардык кызматтарга жазып, бирдикте эле карадык. Эсеп палатасынан да келген. Эч ким эч нерсе таба албай койгон. Биздин кызматкерлер карап отуруп иштебеген жаранга иштеди кылып айлык берип жүргөнүн таап чыгышты. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Бүткөндөн кийин акыркы чекитти сот коёт.

Бизге АРИС аркылуу бүткөрүлгөн долбоорлорго да арыз түшөт. Убагында таза суу кийирбеди беле. Карап көрсөң мөөнөтү өтүп кеткен 1998-2000-2003-жылкы болот. Ал тургай кооператив боюнча Жумгалга канча барышты. Улам арызданып баш прокуратурага чейин жазышып, бензин, машина, же жатакана жок кыйналышты. Куйручук айыл өкмөтүнөн арыз жазып жатышат дагы эле бүтө элек. Ошонун баарына убакыт бөлүп келип, иликтегенде эле бардыгынын мөөнөтү өтүп кеткен болот. Мына учурда Өмүрбек Текебаев кылмыш беренелери боюнча жакшы маселе көтөрүп жатат. Тоок уурдагандар 12 жылга соттолот. Мамлекеттин үлүшү бар Мегаком сыяктуу компаниялардан миллиондорду чыгарып кетти го? Азыр алып келип соттосо 3 жылга кесилет. Муну убагында жеңил кылмыштуулукка кийирип коюшкан. Мөөнөтү да аз. Негизи оордугуна жараша болуш керек болчу. Мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жазасы да аз болуп калып жатпайбы. Башка мамлекеттерде коррупцияга аралашса, мисалы Кытайда өлүм жазасы берилет. Бизде коррупцияга аралашты деп кармаса жакындары митинг уюштуруп жиберип жатышат.

Мына бюджетибиз жетпей жатат. Экономикалык кылмыш мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоол болууда. Канча жерден жеп, салыкты жашырып коют. Бирөөнүн атына эле каттап фирма ача салат. Счёт фактураларын алат дагы аны сатат. Ага эч жерде салык төлөнбөйт. Миллион-миллиондогон акчалар айлантылат. Бул таза коррупциялык система. Мисалы 10 млнго бирөөнүн атынан сен индекс төлөдүң деп бир фирмага 10 пайыз алат дагы 100 миң сомго счёт фактура жазып берип коёт. Тигил фирма счёт фактура менен отчётун жабат. Бир эле счёт фактура менен не деген акчалар кетип калат. Кайра мамлекеттин мойнуна шылуундар карыз кылып илип коёт дагы ортодо пайда көрүп жатат.

- Бишкекте көп эле жетекчилер пара талап кылып жаткан жеринен кармалды деп жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилип жатат. Бизде акыбал кандай?

- Бул тымызын болгон нерсе каныбызга сиңип калыптыр. Нарында бири-бирин тааныйт. Кой уят болот деп кайрылбайт дагы. Жарандар бизге арызын жазып кайрылбаса эчтеке кыла албайбыз. Айта кетсем Жумгалда айдоочулук күбөлүк боюнча кол менен жаңсап 7 миң сом бер анан жасап берем деп жатат. Ал бала Жумгалда жашабайт. Чүйдөн келген балага В, С категориясын 3 ай окуй турган айдоочулук күбөлүктү 1 саатта жасап берип коюп жатпайбы. Мындай учурда оперативдүү иштөөгө негизделген мыйзам боюнча биздин кызматкер же бизге жардам берем деген жаранды фактыны далилдөө үчүн жашыруун камера, атайын техника менен камсыздап шарт түзөбүз. Жабык бирөөнө арыз жаздырып атайлап жасасак провокация деген мыйзам боюнча өзүбүз жооп берип калабыз.

- Жыйырма жылдан бери калыптанып калган коррупциялык элементтерди тез аранын ичинде жоюп ийүү мүмкүн эмес. Бирок ошентсе да кыскаруу болот деген үмүт барбы?

- Бул дагы мамлекеттин, экономиканын өнүгүшүнө жараша болот. Элибиз байыраак жашаса мындай көрүнүш азыраак болот. Көмүскө экономика бардык мамлекетте бар. Америка эмне деген техника менен камсыз болгон. Контрабанда кирген жокпу. Кытайдын товарлары кирип эле кетет. Өнүккөн өлкөлөрдө ушундай болуп жаткан соң бизде жаңы мыйзамды кабыл алып, бардыгын тез арада чечип ийүү мүмкүн эмес. Ошентсе да мыйзамдарды тууралап, кача албагандай кылыш керек. Кээ бирлерине иш козгосоң мыйзамга туура келбесе, каткырып күлүп баса бербейби. Акырындык менен бардыгы түзөлөт деген үмүт бар.

- Ушул кылмыштарды ачып жатканда «жаап кой» деп пара сунуштап же жогору жактан кийлигишүүлөр болгон жокпу?

- Жаңы ачылган кызмат катары жогору жактан губернатордон же прокуратура жактан кийлигишүү болгон жок. Анча-мынча тааныш издеген, тууган издеген учурлар болот. Аларга силер кийлигишпегиле деп койсоң, тыйылып калат. Бул адамдын өзүнөн. Бизде пара сунуштаган учур болгон жок. Ысык-Көлдөн биздин кызматкерге ишин жаптыруу үчүн 20 миң сом сунуштап, 10 миң сом алып келген жеринен өрт коопсуздугу бөлүмүнүн начальниги кармалды. Жакынкы күндөрү Ошто тажик жараны кармалды. Паспорт, диплом жасап шугулданып жүрүптүр. Кармаганда 5 миң доллар биздин кызматтын балдарына сунуштаганда ошону прокуратура органдарына билдирип кайра кармап камап коюшту. Бул дагы жакшы нерсе. Алган киши эле эмес берген киши да кылмышкер. Анын да бир кылмыштын бетин жаптырайын деген себеби бар болушу мүмкүн. Ошону анализдеш керек.

- Жарандар сиздерге арыз менен кайрыла алышбаса дагы телефон аркылуу байланышса болот да?

- Экономикалык кылмыш деген мамлекетке чоң зыян экенин эл түшүнүш керек. Кой уят деп бирөө тартынат, бирөө коркот ошондон чыга албай жатабыз. Америкада бирөө бирдеме кылса, кошунасы чалып айтып жатпайбы. Грузияда эки кызматкердин бирөө туура эмес иш кылып койсо, экинчиси жетекчисине билдирет экен. Бул жерлерде элдин аң-сезими ушуга жетип калган.

Таза багыт менен таза деп бизди түздү. Ошончо электен өтүп келдик. Эми ошол ишенимди актап, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүп, активдүү иш алып барышыбыз керек. Бул боюнча маселе болсо жарандар бизге кайрылсын. Эгер байланышкылары келсе 5 31 00гө кайрылса, милдеттүү түрдө жабыркаган жарандарга жардам көргөзө алабыз.

-Маегиңизиге рахмат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...