Акыркы макалалар

Өкмөт Бажы биримдигине кирүү боюнча сегиз мыйзам долбоорун бекитти

Бүгүн, 24-ноябрда болгон өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлору бекитилди.

Документтерди Экономика министринин орун басары Данил Ибраев сунуштады. Министрлер кабинети "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Айлана -чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө", "КРдеги табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө", "Жарнама жөнүндө" жана "Энергетика жөнүндө" мыйзам долбоорлорун колдоп, аны парламенттин кароосуна жөнөттү.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бул нормаларды кабыл алуу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө зарыл экенин эскертти. "Мен бүгүн бул документтерге кол коем жана парламентке жөнөтөм. 14-декабрда Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн саммити болору күтүлүүдө, ошол кезге чейин документ күчүнө кириши керек",-деди өкмөт башчы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...