Акыркы макалалар

Премьер-министр: “Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын татыктуу майрамдашыбыз керек”

Биз Улуу ата мекендик согуштун 70 жылдыгын татыктуу майрамдашыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Ал бул Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттер үчүн эң маанилүү окуя болуп эсептелет деп белгиледи. “Улуу жеңиш биздин элдерди бириктирет жана бекемдейт. Майрамды татыктуу тосушубуз керек”,-дейт Ж.Оторбаев.

Премьер-министр КРнын Президенти Улуу Ата Мекендик жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого байланшытуу жарлыкка кол койгон деп белгиледи. Документке ылайык, өкмөт уюштуруу комитетин жана иш-чаралар планын түзүүсү зарыл. Бул иш бүгүнкү күндө жүргүзүлдү. “Бизде аз эле убакыт калды, планды аткаруу боюнча министрликтер жана ведомстволор отчетун көрсөтүүсү керек”,-деп кошумчалады премьер-министр.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...