Акыркы макалалар

Баткендеги “Алтын казык”, “Айданек”

Баткендеги “Алтын казык”, “Айданек”

ЮНИСЕФтин колдоосу менен Баткен жана Жалал-Абад облустарында 1200 баланы камтыган 13 балдардын билим борбору эшигин ачты. Аз күн мурун Баткен облусунун Паскы-Арык жана Чек айылдарында алардын экөөсүнүн расмий ачылышы болду.

Паскы-Арык айылындагы “Алтын казык” балдардын билим берүү борборунун ачылышына бараткан жолдо Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков имараттарды өздөрү таап, бир топ эмгек жумшап, жалпы күч менен оңдошконун айтып баратты.

“Коомдук балдар бакчаларынын артыкчылыгы балдардын мектепке чейинки мекемелерине бир нече нөөмөт менен болуусуна шарт түзөт, – дейт Сейитмурат Турдубаевич. – Маселен, бир тайпа эр- тең менен, экинчи тайпа түштөн кийин келишет. Мындай учурда кичинекей эле имаратта, аз каражат сарп¬тоо менен көп балага мектепке чейинки билим берүүнү камтууга мүмкүндүк түзүлүүдө”.

Акимдин айтуусунда Паскы-Арыктагы жана Чектеги бала бакчалар ачылган жайлар мурда эскилиги жеткен аксакалдар чайканасы болгон экен. Айылдын аксакалдары чеке тердеп чай ичип отурушкандан көрө, балдардын пайдасына бошотуп берүүнү эп көрүшүптүр. ЮНИСЕФ болсо балдардын билим берүү борборлорун заманбап жабдуулар, эмеректер, дидактикалык материалдар менен жабдып, жаңы дааратканаларды куруп беришкен. Айыл жеринде даяр тарбиячылар жок болгондуктан, тарбиячылардын окуусун да өткөрүп жаткан ушул уюм.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча 2006-жылдан бери түштүк аймагында 32 коомдук бала бакчалар жана 38 даярдоо класстары иштеп, мектепке чейинки курактагы беш миңден ашык балдар ага тартылган. Акыркы 3 жылдын ичинде аталган уюм КРнын өкмөтү жана жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө дагы мектепке чейинки билим берүүнүн 70тен ашык мекемесин ачууну пландап жатышат. Бирок, бул жетишсиз, жалпысынан өлкө боюнча бүгүнкү күндө 15 пайызга жакын балдар гана мектепке чейинки мекемелерге барышат. Айыл жеринде бул көрсөткүч 7 гана пайызды түзөт.

“Силердин балдар жолдуу экен”

Ушундай шартта өлкөбүздүн эң алыскы аймагы болгон Баткенде, анын үстүнө бул аймактан эмгек миграциясы-нын агымы күч болуп турганда балдардын билим берүү борборлорунун ачылышы айылдыктар үчүн зор кубаныч экени байкалып турду.

Паскы-Арыкта да, Чекте да эл майрамга келгендей жадырап-жайнап турушту. Кызыл-тазыл тасмалар, шарлар алда кайдан көрүнөт. Балдардын шаттуу күлкүлөрү, аларга көз салган ата-энелер, тарбиячылар бул күнгө бир топ күн даярданышкандай. Кичинекейлер ширин тил менен ыр айтышып, окуучулар бийлешип... Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков да муну майда иштей көрбөй атайын убакытын бөлүп, 3 миңден ашык калк жашаган Чек

айылындагы “Айданек” балдарга билим берүү борборун ачуу аземине катышты. “Союз чачырап кеткенден бери биздин балдарыбызга көңүл бурулбай, мектепке чейинки билим алуу маселеси оор болуп келатканы баарыга маалым. Ушул маселе боюнча жергиликтүү жамааттарга жардам берүүдө ЮНИСЕФтин жардамы абдан орчундуу болууда. Облус боюн¬-

ча бул долбоордун координатору Чынара Ахмедовага, демилгечилерге, долбоорду ишке ашыруучуларга, демөөрчүлөргө, ЮНИСЕФке облустун атынан терең ыраазычылык билдирем”, – деди жана облус¬тун Ардак грамотасын борборду ачуу¬га салым кошкондорго тапшырды.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Рауль де Торси алыскы аймактын айылдарында балдардын билим берүү борборлорунун ачылып жатышын жергиликтүү эле эмес, өлкөлүк маанидеги чоң окуя экенин белгиледи. “Силердин балдар абдан жолдуу балдар экен. Ушундай сонун борборго ээ болушууда. Биз бул жакка кур кол келбей балдарга окуу куралдарын, оюнчуктарды ала келдик”, – деп белектерди берди. Анын сөзүндө калет жок. Береги сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай балдар борборлору жаркырап таза, полуна килемдер төшөлүп, эмеректер, китептер, аң-сезимди өстүрүүчү материалдар, оюнчуктар менен толук камсыз болгон.

Асман менен жердей айырма

Ушул иштердин башында тур-ган “Айжан” коомдук фондунун төрайымы Чынара Ахмедова менен баарлашканыбызда союз ыдырагандан кийин мурда толук кандуу иштеп турган бала бакчалар жоюлуп, жабылып, алардын имараттары менчиктештирилип же максатсыз иштеп калганын айтты.

“Айжан” коомдук фонду ЮНИСЕФке долбоор жазып, аталган уюм колдоого алып 2006-жылдан баштап долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Быйылкы жылдан тарта Кадамжай районунда да ушундай долбоорду ишке ашыруудабыз. Бүгүнкү күнгө чейин 13 бала бакча ачканбыз. 20 мектепте даярдоо класстары иштейт. Аларда 2 миңден ашык балдар тарбия алы-

шууда. Албетте, балдар бакчаларынан мектепке барган балдар менен үйдөн барган балдардын айырмасы асман менен жердей. Себеби, бул балдар бири-бири менен мамиле түзүү, коомго көндүм алуу¬ну үйрөнүшөт. Балдар борборлору балдардын өсүшүнө жардам берет, баланын тарбиясы да жакшы болот. Мугалим, ата-эне, бала үчүн да бул аябай чоң жардам. Анткени, сентябр¬дан октябрга чейин бала мектепке көнбөй ыйлап, ата-энесин ээрчип, турмуштук көндүмдөргө ээ болбой барат. ЮНИСЕФтин колдоосу менен ачылган жамааттык балдар бакчалары балдарды мектепке даяр¬доодо аябай маанилүү. Чындыгын айталы облустун, райондун жетекчилери колдоп, жардам беришкенинен бүгүнкүдөй окуяга күбө болуп жатабыз”, – деди Ч.Ахмедова.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Александра Исаеванын айтуусунда ЮНИСЕФ менен министрликтин тыгыз иш¬тешүүсүнүн натыйжасында жер-жерлерде 400гө жакын коомдук бала бакчалар ачылган. Баткенде ушул жылы 20 бала бакча ачылат. Балдар бакчалары ачылса, энелердин колу бошоп, үй-бүлөнүн турмушун бакубат тарттырганга да жардамы тиерин белгилейт А.Исаева.

Паскы-Арык айылынын жашоочусу Айзада Жолдошева айылда “Алтын казык” балдардын билим берүү борбору ачылганына сүйүнүп жатканын билдирди. Үч жашар баласын бул бакчага алып келсе, санаганды, окуганды, сүрөт тартканды билип калат да кийин мектепке барганда кыйналбайт деген пикирде. Ошондуктан, өзү үйдө отурса да баласынын бакчага баруусун каалайт. Ал эми Сапар Норбеков ата-энелердин атынан район¬дун акимине, ЮНИСЕФтин жетекчилерине, “Айжан” коомдук уюмуна ыраазычылык билдирди.

Мындай бала бакчалардын бир өзгөчөлүгү: үч сааттык болгону. Эмне үчүн мындай деген сурообузга ушул кыска мезгилде балдардын кабыл алуу¬су жакшы болот деп жооп беришти. 2006-жылдан бери иштеп жаткан Баткен районундагы ”Барчын” балдарга билим берүү борборунун башчысы Өскөнгүл Айжигитованын айтуусунда айылда балдар көп. Ата-энелердин дээрлик көбү иштешпейт. Көптөрү эмгек миграциясы менен четте жүрүшөт. Балдар толук тайпада укташат, түштө тамактанышат. Ага ата-энелер 300 сомдон төлөшөт. Ысык тамак берилет. Толук тайпада 40 бала бар. Ата-энелердин бардыгы балдарын бала бакчага берүүнү, ал аркылуу өсүп-өнүгүүсүн каалашат. “Толук тайпага батпаган үчүн кыска мөөнөттүү кылып ачканбыз. Ата-энелер айына 100 эле сомдон төлөшөт. Үч саатта эле кайра алып кетет экенбиз деп ата-энелер нааразы болушканынан шартты түшүндүрүп, аз убакыт болсо да балдарыңар көп нерсе үйрөнөт дедик. Азыр 20-30 бала кезекте турушат”. Бул көрүнүш бардык айылдарда эле бирдей болсо керек. Чек айылында да ата-энелер толук тайпа болсо жакшы болот эле дегенин укканбыз. Ага борбордун имараты мүмкүнчүлүк бербейт, тардык кылат. Анткени, аталган айылдардагы балдардын билим берүү борборлорунун ар бирине эле 100дөн бала барышат. Андан сырткары кезек бар.

Өздөрү үйдө отурушса да айылдыктардын бардыгы балдарын билим берген бакчага берүүнү өтө каалашарын көрдүк. Алардын өнүп-өскөн заманда балдары кичинесинен билимге ээ болуп, жашоодон өз жолдорун тапканга эмитен шарт түзөлү деген умтулууларын сезип ыраазы болдук. Эми “Алтын казык”, “Айданек”, “Барчын” сыяктуу балдардын билим берүү борборлору ар бир айылда жылдыздай жанып турса экен.

Бермет МАТКЕРИМОВА, «Кыргыз Туусу»

Сүрөттөрү автордуку

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...