Акыркы макалалар

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазган Бекташев пикирин өзгөрттү

«Мен Кадыралиевдер менен түшүнүшүп алдым. Аларга каршы пикирим жок»-деген эки ооз сөздү айтуу менен Абдымалик Бекташев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйындан чыгып кетти. Журналисттер кызыккан суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Айыптоочуну коштоп келген таекеси Базарбай Нурматов Бекташевдин кылыгын төмөндөгүчө түшүндүрүп берди «Абдымалик инимдин сабаты жоюлган эмес. Ал китеп окуй албайт. Денсоолугу да начар. Мындан улам белгисиз адамдар анын атынан Канжарга каршы арыз жазып, кол койдуруп алыптыр. Андыктан, биз арызды кайра артка кайрып алгыбыз келет»

Мындан сырткары эгер К.Кадыралиевге карата акыйкаттуу иликтөө жүргүзүлбөсө, Өзгөн районунун аксакалдары президент Алмазбек Атамбаевге келип кайрылышарын баса белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...