Акыркы макалалар

“Республика Ата-Журт” партиясынын биримдиги

“Республика Ата-Журт” партиясынын биримдиги

2010-жылы түзүлгөн парламент максатына жете алган жок деген пикирлер бар. Парламенттин оош-кыйыштыгында туруктуулукту көрсөтө албай, өз ара ынтымак топторду, жаңы партияларды түзүп кеткен далилдер көп. Парламенттик коалициянын ичинде болуп туруп, өз алдынча кеткен топтордун кээ бирлери ушул күнгө чейин депутаттык мандаттарын өткөрбөй келишет. Буга мыйзам өзү жол берүүдө. Жада калса фракция сотко берип кайрылган учурда да, эки тараптуу чечимдин кабыл алынышы биздин баш мыйзамдын бузулуп жаткандыгынанкабар берет. Баш мыйзамдын 3-бөлүмүнүн 70-, 73-беренелеринде көрсөтүлгөндөй, ЖК депутаты милдеттүү түрдө фракциянын курамында болушу керек жана фракциядан тышкары башка топтун мүчөсү боло албайт.

Учурда саясый күчтөрдүн биригип, ирилешип жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Шашылып, жеке кызыкчылык менен бийликке келип, бирок парламентте өз кызыкчылыктарын коргой албаган партиялар биригүүгө кызыга башташты.

Чоң партиялардын биригиши, бул эртеңки парламенттик шайлоодо жеңишке кепилдик бере алгыдай болгон күчтөрдүн биримдиги. Ал эми майда партиялардын бул топко кириши алардын парламентке келүүсүнүн жалгыз жолу. Ошондуктан, көрүлүп жаткан иш-чаралар бийликке келүүнүн гана аракети экенине далил.

Парламенттеги эки бараандуу партиялардын биригиши эл арасында ушул күнгө чейин кызуу талкууну жаратып келет.

“Республика” партиясынын түзүлүш тарыхына кайрылсак, 2010-жылдагы оор окуялардан кийин тездик менен түзүлүп, өтө тездик менен кулачын жайган жаш партиялардын бири болгон. Алардын программасында өнүгүүнүн конкреттүү жолдору көрсөтүлүп, 5 жылдын ичинде өлкөнү кризистен алып чыгуу жоопкерчилигин моюндарына алышкан. Партия түндүк аймактын уулдарынан түзүлгөн акыйкатчыл жана жаңычыл партия экендигин ишендирүү менен, Кыргызстандын келечегинин мындан аркы жолун бирге курууну сунушташкан. Бул болсо, жаш идеячыл инсандар бийликке келип, жаңы кадамдарга барат деген элдин ишенимин бекемдеген.

Кезегинде “Ата-Журт” партиясы да ушундай эле принциптерге таянган. Өздөрүн түштүктүн уулдарыбыз, улутчул партиябыз деп аташкан ата-журтчулар эл арасындагы ажырымдарды жоюуга жан-далбас уруп, жең ичинен жүргүзүлгөн саясый оюндардын жыйынтыгынын негизинде эл жигиттери аталып чыга келишкен.

Бирок, эки партия тең шашылыш түзүлгөндүктөн, кызыкчылыктардын туура келишпестигинен, жетекчилик сапаттарынын тажрыйбасыздыгынан парламенттик башкаруунун оош-кыйыштарына туруштук бере алышпай, өз ара ажырымдарга дуушар болушту. Партия лидерлеринин ишмердүүлүгү партиянын курамындагы лидерлердин идеялары жана кызыкчылыктары менен дайыма эле туура келбестигин далилдеди. Лидердин өз көмөчүнө күл тартып, партияны өз максатында колдонушу жеке бир адамдын кызыкчылыгы үчүн колдонгон курал экендигинен кабар берет.

Бүгүнкү “Республика Ата-Журттун” бириккен партиясынын пайда болушу, эртеңки келе жаткан шайлоолорго эрте кам көрүү дегендикке жатат. Буга өлкөдөгү абал да мүмкүнчүлүк түзүп жатат деген серепчилердин пикирлери бар. Оппозицияга баш оту менен кирип, өкмөттүн, президенттин ишин катуу сындоого алган К. Ташиевдин капылеттен оюн өзгөртүп, президенттин ишине ишеним арта баштаганы да ойлондурбай койбойт. Буга эмне түрткү берди? Же эртеңки келе жаткан парламенттик шайлоодо эки партия өз алдынча шайлоого барса кечээги добуштарга ээ болбостугубу? Буга серепчилердин парламенттеги партиялардын өз алдынча шайлоодо добушка ээ боло албайт деген көз караштары да себеп болууда.

20-октябрдаболуп өткөн партиянын курултайында Ө.Бабанов дагы эле толуп ташкан идеялары менен тааныштырды. Учурдагы энергетика каатчылыгын, ГСМ, ж.б. толуп жаткан маселелерди козгоо менен, бийликте болуп туруп, бирок эч өзгөртүү киргизе албаган Ө.Бабанов келечектеги 5 жылдыкка жаңылык киргизүүгө аракетин баштады.

Өз кезегинде К.Ташиев да элди биримдикке, түндүк-түштүк саясатын жоюуга чакырды. Учурунда өздөрүн улутчулбуз деп атаган “Ата-Журт” лидеринин партиялаштарына парламенттик башкаруу экспериментинин түшүм бербегенин белгилегени менен, жыйынтыгында кайсы максатты коштогондугун ачыкка чыгарбады. Жөн гана “Биз, Өмүрбек Токтогулович экөөбүз жүрөгүбүздү аңтарып отуруп, мамлекетибизди бириктирип, чогуу ынтымакта башкарабыз деген максатка багыт алдык” деген пикирин билдирди. Бирок, айтылган ой-тилектеринин арасында Ө.Бабановдун конституциялык реформа керек дегенине кошулгандыгы болбосо, негизги максаты башкада экендигинен кабар берет. Чындыгында айырмачылыгынан окшоштугу көп эки партиянын ынтымагы тетири караган бийликтин жүзүн оңго бурууга жасаган аракети деген ой келет. Келечектеги азгырган максат үчүн гана бириккен лидерлердин амбициялары мезгилдин сыноосуна туруштук береби же жокпу аны убакыт көрсөтөт.

Бул альянстын пайда болушу саясый айдыңдагы башка күчтөрдүн да биригишине алып келээри талашсыз. “Тренд” социологиялык изилдөө борборунун изилдөөлөрүнө таянсак, 20 жылдык тарыхы бар “Ата Мекен” партиясы жана административдик күчүнө таянган КСДП партиялары өздөрүнө майда партияларды кошуп албаса, башка партияга кошула койбойт. Ал эми саясый айдыңда туруктуулукту көрсөтүп келе жаткан “Замандаш” партиясында татыктуу лидеринин байкала электигине, жаңыдан түзүлгөн “Эмгек” партиясы электораты менен байланышын бекемдей электигине карабастан, парламентке барышы мүмкүн деген пикирлер бар. Ирилешкен күчтөрдүн багыты кайсы нукка алып бараары, саясый күчтөрдүн жаңылануусунабы же жеке кызыкчылыктардын тамырын бекемдетүүгөбү, азырынча айтыш кыйын.

Жаңы күч, жаңы саясатчылар менен парламентке келип, жаңы Кыргызстанды курууга дем койгон партиялар азыркы мезгилдин талабы. Кыргызстандын элитасын, демек бийликтеги өкүлдөрүн алмаштырууга президент кызыкдар экенин айткан. Ошол процесске саясый партиялар көңүл буруп, жаңы адамдарды алып келсе бүтүндөй кыргыз эли, мамлекети утушка ээ болмок эле. Партиялардын биригүүсүнүн арты ушуга алып барабы же жеке кызыкчылык турабы деген суроо туулат.

Махабат Жумагулова

Түп нускага шилтеме : koktom.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...