Акыркы макалалар

Азия жээк оюндарында Валерия Уварова коло байге утту

Бул күндөрү 14-ноябрдан 23-ноябрга чейин Таиланд өлкөсүнүн Пхукет аралында 4-Азия жээк оюндары өтүүдө. Кыргызстандан бул оюндарга 12 спортчу катышууда. Алар учурда 2 күмүш, 1 коло медалы менен 45 өлкөдөн 27-орунда келатат.

- Быйылкы Таиланддагы 4-Азия жээк оюндары спорттун 24 түрү боюнча өтүп жатат. Жалпы 166 комплект байге жеңүүчүлөргө ыйгарылып жатат. Каражаттын тартыштыгынан бул оюндарга Кыргызстандан кум үстүндөгү самбо, кум үстүндөгү күрөш, тай бокс жана спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча 12 спортчу, 4 машыктыруучу гана катышууда. Кум үстүндөгү күрөштө Бекболсун Кушубаков күмүш медаль тагынды. Самбо күрөшү быйыл алгач ирет Азия жээк оюндарынын программасына кабыл алынып, 68 килограмм салмакта Азия чемпиону, былтыр Казан шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарынын коло байге ээси Артур Те Кыргызстанга Азия жээк оюндарынын алгачкы күмүш медалын утуп, байгенин эсебин ачып берди. Кечээ спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча кыз-келиндердин жеке таймашында Валерия Уварова үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Дагы 3 мушкер тай бокс боюнча жарым финалга чыкты. Алар бүгүн кечинде рингде күч сынашат.Жарым финалга чыккан үч жигитте буюрса үч коло байге чөнтөктө, үчөө тең финалга чыгышы мүмкүн, -деп билдирди Таиланддан Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Тай бокс таймаштары уланууда: Азырынча 3 коло байге чөнтөктө

Таиланд өлкөсүндө өтүп жаткан Азия жээк оюндарында тай бокс боюнча Кыргызстандын намысын 4 мушкер коргоп жатат. Тай бокс таймашында кыргызстандык Ноорузбек Советбеков Азия жээк оюндарында жеңилүү ызасын тартып калды. Ал 81 килограмм салмакта сегизден бир финалда ирандык Саттар Махмуд менен күч сынашып, утулуп мелдештен четтеп калды.

19-ноябрда 60 килограмм салмакта кыргызстандык Мирбек Сарткалмаков чейрек финалда түркөнстандык Байрамгул Бакшиев менен беттешип, атаандашын 5:0 эсебинде артыкчылык менен утуп, жарым финалга жолун ачкан эле. Мирбек 21-ноябрда жарым финалда филиппиндик Алвин Берто менен күч сынашканы камынып турат. Ошондой эле 19-ноябрда 71 килограмм салмактагы тай бокс таймашууларына кыргызстандык Мирбек Качкынбаев да катышып, натыйжада ал дагы чейрек финалдык беттешүүдө сириялык Ал Халаби Мохамедди 5:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан болчу. 21-ноябрда, бүгүн Мирбектин жарым финалдагы атаандашы казак жигити Рустем Акжанов болмокчу. Ошондой эле, кечээ 20-ноябрда 67 килограмм салмакта дагы бир кыргыз мушкери Бекжан Матысаев түркмөнстандык Мустафа Сапармурадов менен беттешип, айыгышкан кармашта 3:2 эсебинде Бекжан намысты колдон чыгарбай, жарым финалга чыкты. Бекжан жарым финалда ирактык Ал Гюаснахи менен күч сынашмакчы. Атаандашын жеңсе баш байгеге талапкердин бири болмокчу. Бул кыргызстандык үч жигит тең жарым финалга чыккандыктан алардын чөнтөгүндө коло медаль бар дегенди билдирет. Эгерде алар бүгүн 21-ноябрда жарым финалда жеңишке жетишсе, баш байге үчүн күч сынашууга укук алышат. Ал эми финалдык беттешүүлөр 22-ноябрда болмокчу.

-Кыргыз жигиттери бул Азия жээк оюндарынан куру кол келбей, байгелүү орундарды ээлейт деген ишенич, үмүт бар, дейт Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин спорт бөлүм башчысы Канат Арпачиев.

Спорттун беш түрү боюнча мелдештер Валерия Уварова коло байгелүү болду

Спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча мелдештерге Родион Хрипченко менен Валерия Уварова катышууда. Аларга өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Мальцев кеп-кеңешин айтып жанында жүрөт. Эр-азаматтардын жеке таймашууларына жаштар арасында өлкө чемпиону Родион Хрипченко катышып, 10-орун менен чектелди. Мында биринч жана экинчи орундарды түштүк кореялык жигиттер жеңип алды. Кытайлык спортчу үчүнчү орунду камсыз кылды. Ал эми кыз-келиндердин мелдештери 20-ноябрда улантылды. Мында өлкө намысын Кыргызстандын чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Валерия Уварова коргоп, ал спорттун беш түрү боюнча Түштүк Корея, Филиппин, Таиланд, Казакстан, Индия, Монголия, Тайбей, Өзбекстан жанабашка өлкөлөрдүн спортчуларын артка калтырып, топтогон упайлардын жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунду камсыз кылып, Азия жээк оюндарынын коло медалын тагынды. Биринчи жана экинчи орундарды кыйтайлык кыздар Хуо Ги менен Юувей Биан ээледи.

Валерия Уварованын ата-энеси да чыгаан спортчулар

Валерия Уварованын ата-энеси да учурунда Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан чыгаан спортчулар болгон. Атасы Павел Уваров спорттун азыркы беш түрү боюнча Азиянын жети жолку чемпиону болгон. 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында Павел Уваров баштаган Кыргызстандын эр-азаматтар командасы күмүш байгелүү болгон. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер аталган. 2004-жылы Афина жайкы олимпиадасына катышкан. Валериянын апасы Роза Биккинина да спорттун азыркы беш түрү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. СССРдин жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталган. "Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер" деген ардак наамга арзыган. Кызынан сырткары Азия чемпиондору Л.Сироткинанын, А.Новиновду, д.Александровду жана башка мыкты спортчуларды тарбиялаган устат болуп саналат. Роза да Азия чемпионаттарында бир нече жолу күмүш, коло байге уткан. Ата-энесинин жолун жолдогон Валерия 18 жашта, келечеги алдыда. Ал бир нече жолу эл аралык турнирлерди утуп, адистердин көңүлүн бурган. Ушул сыяктуу ири мелдештерге катыштырып турса, чеберчилиги жогорулап, тажрыйбасы артып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу толук мүмкүнчүлүгү бар деп ишенем.

Ал эми Командалык эсептеги мелдештерде Түштүк Корея- биринчи орунду камсыз кылды. Командалык мелдештерге Кытайдын эки командасы катышып, экөө тең экинчи, үчүнчү орунду ээлегендиктен, эреже боюнча бир өлкөгө бир гана байге бериле тургандыктан казактарга оңдой берди болуп, төртүнчү орунду ээлеген Казакстан командасына коло байге ыйгарылды. Кыргызстан алардан кийинки бешничи тепкичтен бир орунга өйдө жылып, төртүнчү катарга турду. .

Оюн ээлери таиланддыктар алдыда келатат

Жети күндүк мелдештердин жыйынтыгында командалык эсепте оюн ээлери таиланддык спортчулар биринчи орунда келатат. Учурда алар 41 алтын, 31 күмүш жана 29 коло байгелүү болушту. Мурда күнү экинчи катарда турган Жапония төртүнчү тепкичке ылдый жылып, кечээ 5-орунда турган Кытай командасы 15 алтын, 10 күмүш, 19 коло медаль утуп, экинчи орунга көтөрүлдү. Жакында эле Инчхон шаарында 17-Азия оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүп, командалык эсепте экинчи болушкан Түштүк Корея кечэээ, 4 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгелүү болуп, жетинчи орунда турса, бүгүн алар дагы мурдакы байгелерине үч алтын, 8 күмүш, 7 коло байгени кошумча утуп, командалык эсепте үчүнчү орунга көтөрүлдү. Экономикасы күчтүү өлкөлөр артыкчылык кылаарын бул оюндар дагы далилдеп жатат. Мурда күнү монголиялык спортчулар 6 алтын, 3 коло байге утуп, командалык эсепте үчүнчү орунда турса, бүгүн алар алтынчы тепкичке жылды. Борбор Азиядан Казакстан айырмаланып, алар кечээ 6-орунду ээлеп турса, бүгүн 8-орунга түшүп калды. Алардын учурда 5 алтын, 5 күмүш, 8 коло байгеси бар. Өзбекстан да 2 алтын, 6 коло байге утуп, кечээ 14-катарда турса, бүгүн алар 17-орунга ылдый жылды. Бул ирет Түркмөнстан 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль утуп алуу менен 20-орунда келатат. Бул өлкө 2017-жылы Ашхабад шаарында Жабык имараттардагы Азия оюндарын өткөрүү үчүн кызуу даярдыктарды көрүп, заманбап спорт имараттарын куруп жатышканы, спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатканынан кабар берип турат. Тажикстан дагы Кыргызстанга караганда спортко жакшы көңүл буруп жаткандыктан, алар дагы азырынча 1 алтын, 1 коло байгеси менен 24-орунда келүүдө. Кыргызстандык балбандар Бекболсун Кушубаков менен Артур Те уткан 2 күмүш жана Валеря Уваров уткан коло медалы Кыргызстанды 45 өлкөдөн 27-орунга жеткирип турат. Дагы үч байгелүү орун болсо, бир нече тепкич өйдө жылууга мүмкүн болмокчу.

Таиланд өлкөсүндөгү Пхукет аралында өтүп жаткан 4-Азия жээк оюндары 23-ноябрда жыйынтыкталат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...