Акыркы макалалар

18 жылдан ашык иштеген фирмалар кайра каттоодон өтүшү керек

"1997-жылдын 1-январына чейип катталган юридикалык тараптар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), кайра катталгандар 2015-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик каттоодон кайра өтүшү керек же болбосо ишмердүүлүгүн токтотушу керек",-деп эскертет Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.

Аталган мөөнөткө чейин белгиленген тартипте кайра каттоодон өтпөгөн же болбосо ишмердигин токтотпогон юридикалык тараптар, филиалдар Социалдык фонд же болбосо салык органдарынын тиешелүү арызынын негизинде сот аркылуу мажбурлап жоюлат.

"Кайра каттоодон өткөрүү жана ишмердикти токтотуунун тартиби менен ырааты "Кыргыз Республикасынын юридикалык тараптары, филиалдары" жөнүндө мыйзамдын 6, 10, 12, 13, 16 жана 17-беренелеринде каралган",-деп эскертет Юстиция министрлиги.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...