Акыркы макалалар

Кыргызстанда күн батареяларын кеңири колдонуучу мезгил келдиби?

Кыргызстанда күн батареяларын кеңири колдонуучу мезгил келдиби?

Кыргызстан энергетикалык тартыштыкты баштан кечирүүдө. Ошентсе да өлкөдө энергиянын жаңыланып туруучу булактарын колдонуу болгону бир пайыздын тегерегинде гана болуп жатат.

Кыргызстандыктар үчүн энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын кандай технологияларын колдонуу ыңгайлуу экендигин жана алардын баасы тууралуу Жаңыланып туруучу энергия булактарын жана энергетикалык натыйжалуулукту өнүктүрүү борборунун башкы инженери Михаил Торопов "Кабар ордого" айтып берди.

Баары электрге байланып алышкан

Азыркы учурда Кыргызстандын калкынын болгону бир пайыздайы гана жаңыланып туруучу энергия булактарын пайдаланып жатат. Анын башкы себептеринин бири республикада буга чейин электр энергиясынын арзан болгону эсептелет. Биринчиден, баасы төмөн электр энергиясын колдонгондор ашыкча чыгым болуп мындай технологияларды орноткулары келбейт. Экинчиден, калктын бир катар катмары бул кандай технолгиялар, анын баасы канча турат, кандайча колдонсо болот деген суроолорго кеңири жооп ала албай жатат, башкача айтканда калктын жаңыланып туруучу энергия булактарынын технологиялары боюнча маалыматы аз.

Биздин борбор мындай технологиялар тууралуу маалыматты жайылтуу, сатуу, түзүмдүрдү орнотуп берүү, кардарларга тигил же түзүм тууралуу кеп-кеңеш берүү, орнотулган түзүмдөрдү сынактан өткөрүү сыяктуу бир катар иштерди алып барат. Азырынча кыргызстандыктардын арасында күндөн энергия ала турган түзүмдөргө кызыккандар көбөйө баштады. Андан тышкары биогаз түзүмдөрүнө суроо-талаптар бар. Шамалдан энергия алуу, чакан ГЭСтерди, микро ГЭСтерди өнүктүрүү жакшы жолго коюла элек. Төмөндө кыргызстандыктар турмуш-тиричилигинде кеңири колдонсо боло турган бир нече түзүмдөрдү сунуштап кетейин.

Кыргызстандын шартында күн батареяларын орнотууга жакшы шарттар бар. Күн батареясы бир нече фотоэлементтерден-жарым өткөргүчтөрдөн турган түзүм жана күндүн энергиясын түз эле дайыма колдонууга ыңгайлуу болгон электр тогуна айлантат. Ал башка күндү колдонгон жабдуулардан түздөн-түз электр энергиясын иштеп чыккандыгы менен айырманалат.

Күндөн алынган электр энергияны муздаткычты, суу насосун, телевизорду, ноутбук, чаң соргуч, электр чайнеги сыяктуу күнүмдүк колдонулуучу турмуштук техникаларга кенен пайдаланууга болот. Бир панелдин дүң баасы болжолдуу түрдө 100 доллардын тегерегинде. Түзүмдүн моделине жараша бир канча панелдерден турат. Иштетилип чыгарыла турган киловатт-саат энергия панелдердин көз каранды. Батареялардын баасы, аларды орнотуу, монтаждоо жумуштары болуп баш-аягы 10-15 миң долларга күн батареясын орнотуууга болот.

Андан тышкары вакуумдуу түтүктөрү бар күн коллекторун же болбосо күн суу жылыткычтарын колдонуу Кыргызстандын шартында абдан ыңгайлуу жана пайдалуу. Ал электрди иштеп чыккан күн батарейкасынан айырмаланып жылуулук чыгарат жана суу ысытууга, имаратты жылытууга колдонулат. Бирок бул үчүн күндүн нурлары жылытуучу вакуумдук турбалардын үстүнө толук тийип турушу кажет. Ал эми аны кышкысын үйдү жылытууга 100 пайыз колдонуу анча натыйжалуу болбой калат. Бирок үйдү жылытуунун 50-70 пайызын күн коллекторунун жардамы менен ишке ашырууга болот, калган 30 пайызына көмүр, газ, элект кубатын кошумчалоого туура келип калат. Коллектор күзүндө жана кышында 70 пайыз ысытылган суу менен камсыз кылат.

Мындан тышкары биогаз түзүмдөрү Кыргызстандын айыл жергесине, өзгөчө дыйкан чарбаларына колдонууга абдан натыйжалуу. Автоматташтырылган биогаз түзүмдү 37 градустук температурада биологиялык газ иштеп чыгат жана андан алынган газды турак-жайды жылытууга, тамак-аш жасоого жана башка күнүмдүк турмуш-тиричиликке колдонууга болот. Биогаз түзүмүнө кайсы гана органикалык калдык болбосун колдонууга болот. Ачытылып газ бөлүнгөн биологиялык калдыктан алынган экологиялык жактан таза био жер семирткич түшүмдүүлүктү 15 пайыздан 300 пайызга чейин көбөйтүп, деградацияланган жер аянттарын калыбына келтирүүгө шарт түзөт.

Биогаз түзүмдөрүнүн баасы реактордун көлөмүнө жараша аныкталат. Мисалы, көлөмү эң аз болуп эсептелген 5 кубометрлик реакторду 8 900 долларга сатып алууга болот. Ал эми 250 кубометрлик түзүмдүн баасы 72 миң доллар. Маселен 20 уй кармаган дыйкан чарба 15 кубометрлик реактору бар жабдууну 13-15 миң долларга алса болот. Мындай түзүм суткасына 30 кубометр газ жана 1 тонна жер семирткич иштеп чыгат. Ошентип дыйкан жер семирткичти дагы, көгүлтүр отту дагы малдын кыгынан, таштандыдан алып, үй-бүлөлүк бюджетине жеңилдик келтирбестен, айлана-чөйрөгө да чоң пайда алып келет.

Гүлнур Жумалиева

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...