Акыркы макалалар

Араван районунда ата-энелер диний ишенимге байланыштуу балдарын эмдетпей жатат

Ош областынын Араван районунда ата-энелер диний ишенимдерден улам балдарына эмдөө жасатуудан массалык түрдө баш тартып жатышат. Бул тууралуу "24.kg" жаңылыктар порталына Ички иштер министрилигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдаган.

Аталган маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө 253 мектеп жашына чейинки балдар медициналык эмдөөдөн өткөрүлгөн эмес. Ошол эле учурда областтын казысы Ниязалы ажы Ариповдун айтымында ислам дининде эмдөөдөн баш тартуу тууралуу эскертилген учур жок.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...