Акыркы макалалар

Түштүк Корея өлкө башчылыкка алгачкы ирет аял талапкерди тандады

Түштүк Корея өлкө башчылыкка алгачкы ирет аял талапкерди тандады

20.12.2012. Гүлзат Газиева

Түштүк Корей өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу өлкө башчы болуп аял шайланды. 60 жаштагы Пак Кын Хе бийликтеги «Сэнури» партиясынан талапкерликке көрсөтүлгөн. Ал 51%дан ашык добушка, анын каршылашы Мун Чже Ин 49%га жакын добушка ээ болгонун www.trud.ru сайты маалымдады.

Пак Кын Хенин атасы Пак Чон Хи 1961-жылы мамлекеттик төӊкөрүштө бийликке келип, өлкө президенти болгон.

Учурда Түштүк Корея президенти Ли Мён Бак. Анын башкаруу мөөнөтү келерки жылдын февралында аяктайт.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...