Акыркы макалалар

Мектептерди китеп менен камсыз кылууга кайрадан тендер жарыяланат

Кыргызстандын мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу үчүн 230 миң китеп басып чыгарылат. Жакынкы 5-6 күндүн ичинде китептерди басып чыгаруу үчүн компаниялар арасында жаңыдан тендер өткөрүлөт. Бул тууралуу басма сөз жыйында укук коргоочу Олег Северин билдирди.

Маалыматка ылайык, 4 ай мурун Билим берүү министрлиги китеп чыгаруу үчүн тендер жарыялаган. Бирок тендердин жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бул иштин узаруусуна "Континент" компаниясы себепчи болууда. Буга байланыштуу министрлик кайрадан тендер жарыялап жатат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...