Акыркы макалалар

Январь-октябрь айларында бюджеттин чыгаша бөлүгү 94,1 пайызга аткарылган

2014-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эске алганда) 81 млрд 252,6 млн сом суммасында аткарылды же 86 млрд 307,2 млн сом суммасындагы план 94,1 пайызга орундалды. Бул тууралуу Каржы министринин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы (атайын каражаттарды кошпогондо) 70 млрд 842 млн сомду түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда жалпы чыгашалар 10 млрд 410,6 млн сомго же 14,7 пайызга көбөйгөн. ИДПнын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,3 пайыздык пунктка көбөйүү менен 26,4 пайызды түздү.

"Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2014-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттен 56 млрд 586,6 млн сом каржыланды же 58 млрд 177 млн сом суммасындагы пландын 97,3 пайызы аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 12,1 пайызга же 6 млрд 95,1 млн сомго көбөйгөн.

Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 2014-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттен 6 млрд. 896,1 млн. сом каржыланды же 7 млрд 707,5 млн сом суммасындагы пландын 89,5 пайызы аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 14,8 пайызга же 888,7 млн сомго азайган",- деп маалымдайт басма сөз кызматтан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...