Акыркы макалалар

Парламентте КР Сотторду тандоо боюнча кеңешке 24 талапкердин 20сы үчүн добуш берүү боюнча талаш чыкты

Бүгүн, 19-ноябрда парламентте КР Судьяларын тандоо боюнча кеңешке 24 талапкердин 20сы үчүн добуш берүү боюнча талаш чыкты.

ЖКнын Сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жетекчиси Токтогул Тумановдун (КСДП) айтымында, мурда комитеттин отурумунда кеңешке 20 талапкер жактырылган.

«Бүгүнкү күндө бизде 115 сот жетишпейт жана биз сотторду тандоо боюнча Кеңешке байланышкан маселени канчалык эрте чечсек, бул маселени ошончолук тез чечебиз»,- деди ал. Туманов буга катар эле көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде депутат Анарбек Калматов («Ар-Намыс»), бул туура эместигин айтты.

«Мындай кылбаш керек. Көпчүлүк коалиция буга чейин Кеңешке 4 талапкер тандаган. Келгиле аларды комитетте караганча күтөлү. Аларды киргизип андан кийин гана добуш берели»,- деди ал.

Аны депутат Абдыжапар Бекматов («Республика») колдоого алды. «Бул норма мыйзамда жазылган. Биз буга чейин бул маселе боюнча добуш берүүнү жылдырганбыз. Анткени көпчүлүк коалициядан дагы 4 талапкер тааныштырылган эмес. Катачылыктар кетпеши үчүн шашылыштын кереги жок»,- деди ал.

Бирок депутат Мамат Орозбаев (КСДП) добуш берүүнү бүгүн өткөрүүнүн сунуштады.

«Коалиция өткөн жумада талапкерлерди карап жатканда дагы талаштар болгон. Бирок биз баарын дыкаат текшерип чыктык»,- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...