Акыркы макалалар

Жогорку Кеңеш депутаттары жапон парламентинин иши менен таанышат

Парламент спикери Асылбек Жээнбеков баш болгон депутаттар тобу 18-ноябрда Жапонияга расмий иш-сапар менен барат. Анын алкагында Жапония Парламентинин эки палатасынын спикерлери менен кызматташууну улантуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Депутаттар бир катар ишканаларда болуп, айыл чарба жана өнөр-жай көргөзмөсүнө да катышат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-ноябрга чейин улана турган расмий сапар Жапония парламентинин кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу менен уюштурулууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...