Акыркы макалалар

А.Атамбаев «2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев «2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын негизинде жана КР Коргоо кеңешинин 2014-жылдын

3-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, адам укуктарынын негизги принциптерин, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо, мамлекеттик жөнгө салуу жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүү, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту андан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 2013-2017-жылдардын мезгилине КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун эске алуу менен КР Коргоо кеңешинин чечиминин концепциясы бекитилди.

Ошондой эле, КР өкмөтүнө КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен КР Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыгуу, иш-чаралардын планын ишке ашырууну финансылык камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Андан тышкары, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы КР Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте ЖМК жана жарандык коомдун башка институттары менен кызматташып, Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкка, диний уюмдарга кеңири маалымат берүүнү камсыз кылуу милдеттендирилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...