Акыркы макалалар

Спартакиада спортко салым кошууда

Спартакиада спортко салым кошууда

Бишкекте 13-ноябрь күнү мамлекеттик кызматкерлер арасында спартакиада аяктады. Анда күч түзүмдөрү арасынан ИИМ, ал эми жарандык түзүмдөр арасынан ФинМин 1-орунду камсыздады.

Бул тууралуу маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйында КР өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

“13-ноябрда КР мамлекеттик органдын кызматкерлеринин 3- финалдык спартакиадасы соңуна чыкты. Бул мелдеш бир жумадан бери мамлекеттик кызматкерлер арасында өткөрүлгөн. Ага жалпысынан 38 тармактан, 1898 мамлекеттик кызматкер катышты. Анын ичнен 622 киши күч блогунан, ал эми 1276 киши жарандык түзүмдүн катышуучуларынан түзүлдү. Коргоо министрлигинен 90, Каржы министрлигинен 97 спортчу катышып, эң чоң команда болуп саналды”.

“Мамлекеттик кызматкерлердин активдүү катышуусу бизди абдан кубандырды. Алгач биз 2 жыл мурун жаңы баштаганда саныбыз өтө төмөн болгон. Ал эми бүгүнкү күндөгү катышуучулардын саны, активдүүлүгү эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири”,-деп кошумчалады ал.

Мамлекеттик кызматкерлер арасындагы спартакиадада ИИМ жана Каржы министрлиги биринчи орунга ээ болушту. Кадырбек Эргешов спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктарды тапшырды. Жеңишке жетишкен жана байгелүү орундарга илинген катышуучулар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин медаль, диплом жана кубоктору менен сыйланышты.

Жарандык түзүмдөрү:

1-орунга - КР Каржы министрлиги;

2 орунга - КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

3-орунга – КР Экономика министрлиги.

Күч түзүмдөрү:

1-орунга – КР Ички иштер министрлиги;

2-орунга – КР Коргоо министрлиги;

3-орунга – КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аныкталды.

Өтүп жаткан мелдештер өлкөбүздө дене тарбияны өнүктүрүүгө түрткү болот.

“Мелдеш өлкөбүздө дене тарбияны өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин дене тарбияга болгон кызыгуусун арттыруунун негизинде уюштурулган. Мындай иш-чара бизде жыл сайын өткөрүлүп турат. 2015-жылы биз сентябрь айында өткөрүүнү пландап жатабыз. Анда катышуучулардын саны бүгүнкүдөн дагы көбүрөөк болот деген ишеничибиз чоң”,- деди ал.

Мамлекеттик кызматкерлер спартакиаданын жүрүшүндө кол күрөш, дартс, кичи футбол, волейбол, гиря көтөрүү, тогуз коргоол, шахмат, бильярд, жеңил атлетика, үстөл үстүндөгү теннис, ок атуу, аркан тартыш боюнча эки топто мелдешти. Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кыматкерлери өзүнчө бир топто, ал эми күч түзүмдөргө кирбеген мамлекеттик органдардын кызматкерлери өзүнчө бир топто мөөрөй талашты.

Айта кетсек, кол күрөш боюнча командалык эсепте биринчи орунда Ички иштер министрилиги, экинчиде Коргоо министрлиги, андан кийин УКМКнын өкүлдөрү бара жатат. 100 кгдан жогору жана 70 кг салмакта ИИМнин кызматкерлери Чыңгыз Чалабаев жана Абдилманап кызы Бүбүсайра биринчи орунда камсыз кылышты.

Алар өз ойлорун төмөндөгүчө билдиришти:

Чыңгыз Чалабаев: “УКМКнын өкүлүн уттум, финалда Коргоо министрлигинин балбанын багындырдым. Өткөн жылы да чемпион болгом. Бул жылы да чемпиондугумду сактап калдым”.

Абдилманап кызы Бүбүсайра: “ИИМдин атынан чыгып, кол күрөштөн чемпион болдум. Менин салмагымда беш атаандашым болсо да, баарын жеңип чыктым”.

Армрестлинг (кол күрөш) боюнча Азиянын президенти Жээнбек Муканбетовдун “Марал” радиосуна билдиргенине караганда, мелдешке 150дөн ашык кызматкерлер чогулган. Алардын 30ун кыздар түзөт. Эркетер 60 кгдан баштап, 100 кгдан жогору салмак категорияда күч сынашса, ал эми аялдар 60-70-70 кгдан жогору салмакта күч сынашты. Арасынан кол күрөш курма командага кошуп ала турган шыктуулары да бар.

Спартакиаданы өткөрүү Өкмөттүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги милдетине алган. Иш-чарада башкы калыстар коллегиясы кызмат кылышты. Спартакиаданы өткөрүүгө спорт агенттиги 2 млн. сомго жакын каражат жумшады.

Иш-чара - мамлекеттик органдарда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана жалпы элдин ден соолугун чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...