Акыркы макалалар

Абдыманап Кутушев: “Өзбек чек арачыларынын кылганы бийликке көрүнүүнүн аракети”

Абдыманап Кутушев: “Өзбек чек арачыларынын кылганы бийликке көрүнүүнүн аракети”

Өзбек чек арачылары өзбек бийлигине иштеп аткандай түр көрсөткүлөрү келет. Ошол себептен кыргыз жарандары чек ара аймагында мыйзамдуу жүргөнгө аракет кылса жакшы болоор эле.

“Гезит бетинде” программасынын бүгүнкү коногу Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев болду.

-«Сирияда согушуп жаткан үй-бүлө» деген аталышта макала чыккан. Сирияга үй-бүлөсү менен кетип жаткандар бар экен. Муну кантип көзөмөлгө алып тартипке салыш керек?

-Алаамат болуп жаткан жерге адам эмне үчүн барышы мүмкүн. Биринчиден, азыркы убакта мечиттер көп, ал жерлерде эмнелер айтылып жатканын текшерген эч ким жок. Ошондуктан аларды ишендирип, алаамат болуп жаткан жерге үндөгөндөр болушу мүмкүн. Экинчиден, акча маселеси болушу ыктымал. Чоң суммада акча сунуштаса, ошого алданып барып жатышат. Мамлекетте жарандар каалаган жагына барууга укуктуу. Ошондуктан кимдин кандай максатта сыртка чыгып кетип жатканын көзөмөлдөш оор болуп турат. Бирок мамлекет буга кайдыгер карабай түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.

-Өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын атып салганы туурасында басылмалардын баарында жазылган. Мындай окуя акыркы кездери байма-бай катталып жатат.

-Өзбек чек арачыларынын жасап жаткан иштери өзбек бийлигине иштеп аткандай түр көрсөткүлөрү келгендигинин жыйынтыгы. Кезек-кезеги менен жөнөкөй кыргыз жарандарын атып салып жатышат. Бул алардын кетирип жаткан катачылыгы. Ошол себептен кыргыз жарандары чек ара аймагында мыйзамдуу жүргөнгө аракет кылса, жакшы болоор эле. Биздин жарандар контрабанда менен кармалган күндө дагы атып салууга алардын укугу жок. Айып пул салуу же убактылуу камоо жолу менен чечсе болот. Бирок андай болбой жатат.

-“Жогорку Кеңеште Регламент жана депутаттык этика комитети бар, бирок ал иштебейт” деп депутаттардын жүрүм-турумдарын сынга алган алардын жардамчылары арбын экенин баяндаган макала чыккан.

-Мамлекеттик органдардын арасынан эң ачыгы бул Жогорку Кеңеш. Баары эле ачык көрүнүп турат. Бул Жогорку Кеңештин бирден-бир касиети. Ачык болгон үчүн ар дайым эл тарабынан сындар айтылат. Жакында түз эфирден көрсөтүү башталат деп атышат. Анда андан дагы ачык болуп, сындар дагы көбүрөөк айтылат. Эми парламентте 120 депутат болсо, анын ичинде жаман тарбия алгандар, жакшы тарбия алгандар бар. Ар бир депутаттын мүнөзү ар башка. Мурдагы легендарлуу парламентти мактап айтып калышат. Кыйын адамдар көп эле деп. Ошол кыйындарын санай келсе, 20-30 адам болушу мүмкүн, бирок ал парламентте 350 депутат болгон да. Ошондой эле ар бир чакырылыштагы депутаттарга айтыла берчү сын-пикир, муну туура кабыл алыш керек. Ушундай сын-пикирлерди уккандан кийин депутаттар дагы өздөрүн түздөп алып жүрүүгө аракет кылат деген оюм бар. Ал эми жардамчылардан мамлекет бир консултант, бир жардамчыга акча төлөп берет. Бул депутаттын күнүмдүк аткарган иштерине кол кабыш кылганга керек. Ал эми көп жардамчысы бар деген коомдук жардамчыларды айтып жатышы мүмкүн.

-Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын ала турган болду. Электр энергия элге кымбат баада берилет деп атышат.

-Электр энергиясында болгон кризисти жоюу үчүн калкка өчүрүүлөрдү киргизиш керек же кымбатына карабай сатып алыш керек деген эки жол бар эле. Бийлик бир жылдык керектөөгө жетишсиз болгон электр энергиясын кымбат болсо дагы сатып алууну чечишти. Бул абдан туура. Эл жарыксыз отургандан көрө кымбат болсо дагы жарык, жылуулук бар болот. Бирок бул жерде кымбат баада берилет деп текши айтууга болбойт. Эгерде чектен ашпаган көрсөткүчтө электр энергиясын колдонгон жарандар арзан баада төлөйт. Ал эми хан сарайларда жүздөгөн лампаларды иштетип, үйүн электр энергия менен жылыткан акчалуу бай жарандар кымбат төлөп берсин.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...