Акыркы макалалар

Депутат К.Рыспаев: Өзүбүздүн жарандар тыңчылык боюнча кармалып жатса, анда чет элдик жарандардан эмнени күтүүгө болот?

Буга чейин тыңчылык боюнча кармалган мамлекеттик кызматкерлерди мисал келтирген депутат Кожобек Рыспаев («Ар-Намыс»), эгерде өзүбүздүн жарандар тыңчылык боюнча кармалып жатса, анда чет элдик жарандардан эмнени күтүүгө боло тургандыгын сурады.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймакты өнүктүрүү комитетинин бүгүн, 17-ноябрдагы отурумунда Кыргызстанда жер тилкесинин ижарага берүү мөөнөтүн кыскартуу сунушталган мыйзам долбоору тааныштырылды.

К.Рыспаев мурдараак малымдагандай, учурдагы мыйзамга ылайык жарандар, анын ичинде чет элдик жарандар жер тилкесин 49 жылдык мөөнөттө ижарага ала алат.

«Бул убакыттын ичинде өлкөнүн социалдык-саясий тармагында ар түрдүү окуялар болушу мүмкүн. Буга байланыштуу жарандар үчүн жана чет элдик жарандар үчүн да жер тилкесинин убактылуу колдонуу мөөнөтүн 49 жылдан 10 жылга кыскартуу сунушталат», - деди эл өкүлү.

Жакында эле тыңчылык аракети үчүн Өкмөт Аппаратынын кызматкери Алтынбек Муралиевдин кармалгандыгын эске салган К.Рыспаев: «Ошондой эле, мурдараак ЖК Аппаратынын кызматкери Жыпар Артыков да ушундай эле шек менен кармалган. Кийин ал бошотулду, учурда КТРК иштеп жатат. Эгерде өзүбүздүн жарандар ушундай кылып жатса, анда чет элдик жарандардан эмнени күтүүгө болот?», - деп сурады.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...