Акыркы макалалар

Бишкекте "Дүбүрт" деп аталган көргөзмө ачылат

21-ноябрда, Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Нарын Турпановдун "Дүбүрт" деп аталган сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейден маалымдашты.

Көргөзмө 21-ноябрдан 6-декабарга чейин уланат.

"Нарын Турпанов абдан көп жана чечкиндүү эксперимент жасаган сүрөтчү. Кыл калемгер дайыма эки багытта иш алып барат, биринчиден ал өз чыгармаларында Кыргызстандагы салттуулукту урматтап, аны сактаса, экинчи жагынынан инновация кылууга көп аракет жасап келет",-деп айтылат сүрөтчүнүн чыгармачылыгы тууралуу жөнөтүлгөн маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...