Акыркы макалалар

Нарын шаарында бир кап көмүр 200 сомдон сатылууда

Нарын шаарында бир кап көмүр 200 сомдон сатылууда

Нарын шаарынын борборунда орун алган базарда бир кап көмүр 200 сомдон сатылууда. Сатуучулардын айтуусунда күнүнө 40 капка чейин көмүр сатылат. Шаар тургуну Жумагул Абдразаковдун айтуусунда тургундар көмүрдүн баасы кымбат жана каражаттын тартыштыгынан 2-3 кап менен сатып алууга муктаж болушууда. Ошондой эле шаардын 7 аймагына атайын көмүр кампалары уюштурулганын билбей да жатышат. Негизинен шаардын жети аймагына атайын топ базалар уюштурулган. Каалагандар тонналап же кап менен да сатып алышса, болот баасы 3500 сомдон ашпайт,-дейт Нарын шаарынын вице мэри Алмаз Суранов. Учурда шаарда көмүр жетштүү эле, жети топ базада 800 тоннадай көмүр бар. Мындан сырткары базар экономикасынын шартында ишкерлер алып келип саткандары да бар,-деп кошумчалады ал. Ошондой эле А.Суранов журналистердин суроосу менен шаардагы көмүр базаларды жеринде көргөзүп чыкты.

Түп нускага шилтеме : naryn.kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...