Акыркы макалалар

Ж.Оторбаев: «Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда эч кандай саясый түшүнбөстүктөр жок”

4-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев жана Кохир Расулзода эки өлкө аралык соода, экономика жана гуманитардык кызматташуу жаатындагы мамилелердин абалы жана аларды кеңейтүү келечегине байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Жоомарт Оторбаев билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамилелеринин бардык тарабын талкуулоо мүмкүндүгү болду.

«Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасынын ортосунда эч кандай саясый түшүнбөстүктөр орун алган эмес. Биз өлкөлөр ортосундагы кызматташууну кеңейтүүбүз зарыл, анткени мында көптөгөн пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр бар. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзгөчө басым чектеш аймактардын кызматташуусун өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жана маданий-гуманитардык байланышты кеңейтүү маселелерине жасалды»-деди ал.

Ошондой эле Өкмөт башчы белгилегендей, 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун жетекчилери ортосунда 3 жылдык кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлган.

“Бул чектеш аймактардын кызматташуусунун жакшы үлгүсү. Эки бир тууган эл достукта жана тынчтыкта жашоосу керек, ал эми ар-кандай маселелер сүйлөшүү жолу аркылуу чечилиши тийиш»-деп билдирди Жоомарт Оторбаев.

Өз кезегинде Кохир Расулзода эки өлкө ортосундагы мамилелер ар дайым кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулгандыгы менен өзгөчөлөнүп келгендигине басым жасады.

“Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тараптардын өз-ара кызматташууну өнүктүрүүгө карата жогору маани берээрин көрсөттү. Биз бардык маселелер боюнча, анын ичинде мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо процессине тийиштүү маселелер боюнча да өз-ара түшүнүшүүгө келдик. Менин ишенимимде, комплекстүү мамиле гана биздин өлкөлөр ортосусундагы кызматташууга теңсалмактуу мүнөз бере алат”-деди Кохир Расулзода.

Андан соң Жоомарт Оторбаев жана Кохир Расулзода биргелешкен билдирүүгө кол койду, анда орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чагылдырылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...