Жол кырсыгынан мерт болгон көкжаңгактык үч тургундун жакындары Жалал-Абад облустук соттук медициналык экспертиза бюросунун кызматкерин өлгөн адам үчүн акча алды деп айыптап, укук коргоо органдарына арыз беришти.
Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган шаардын тургуну, каза болгон маркумдун апасы Лола Курбанова билдирди. Анын айтымында, 24-октябрда жол кырсыгынан 15-17 жаштардагы 3 бала каза болуп, өлүкканадан алып чыгууда медэксперттер алардын ар бири үчүн 5 миң сомдон акча алышкан. "Андан сырткары тактама үчүн да ашыкча акча алган" - дейт Курбанова.
Ал эми акча алды деген доого кабылып жаткан кызматкер Эрмек Бокоев буларды төгүндөдү. Жабыркаган энелер балдары кабылган кырсыкты териштирүүнү сурап, үч күн мурда милицияга, акча алган эксперттин үстүнөн даттанып, прокуратурага кайрылышканын айтышты
Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org
Азырынча бир да пикир жок...