Акыркы макалалар

Бүгүн «Ош» аба майданы учактарды 16.00гө чейин кабыл ала албайт

Бүгүн «Ош» аба майданы учактарды 16.00гө чейин кабыл ала албайт

18.12.2012. Гүлзат Газиева

Бүгүн тумандуу аба-ырайына байланыштуу «Ош» аба майданы учактарды саат 16:00гө чейин кабыл ала албастыгын аэропорттун сурап-билүү бөлүмү «Ынтымакка» кабарлады.

«Бүгүн эртеӊ мененки сыртка каттамдар ийгиликтүү жүргүзүлүп, бирок, саат 9дан тарта сырттан келген учактарды кабыл ала албай жатабыз. Бул тумандуу аба-ырайына байланыштуу. Кечки саат 16:00гө чейин ушундай абал жарыяланды. Туман тараса, кардарларга маалымдалат»,- деди»Ош» аба майданынын сурап-билүү бөлүмүнүн адиси Хурматай Азимова.

Ош- Бишкек каттамы боюнча учак билети 2700-3370 сом турат. Күнүнө Оштон Бишкекке 3 рейс каттайт. 4-5 рейс каттам болгон убактарда, билет наркы 2100-2300 сомду түзөт.

Фото: www.atorus.ru

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...