Акыркы макалалар

Бүгүн Бишкекте төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 15-ноябрда Улуттук филармонияда төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдык маарекесине арналган иш-чара өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Надира Нарматова баштаган депутаттар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, искусство адамдары, чыгармачыл жана илимий интеллигенция менен коомчулук өкүлдөрү катышты.

Маареке жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн Н.Нарматова Жогорку Кеңештин атынан куттуктоо менен, Алымкул Үсөнбаевдин бул иш-чара бир чети акындын өлбөс-өчпөс өнөрүнө таазим этүү аземи болсо, бир чети жалпы элдик көркөм өнөр майрамы да болуп саналарын, Алымкул төкмө сындуу өрнөктүү өнөрү мезгил сынынан өткөн, жалпы журт купулуна толуп, алкоосуна арзыган инсандар өтө сейрек жарала турганын баса белгиледи. Ал кыргыз кыйырына көп кырдуу талант катары таанылган, өмүрү менен өнөрү бири-бирине тыгыз жалгашкан адам болгонун айтты.

“Алымкул Үсөнбаев Токтогулдун эң жакын шакирттеринин бири болгонун, тоо булбулун жаш кезинен ээрчип жүрүп өнөрү менен таалим-тарбиясын алганын, акын кийин өз устатынын мурасын жыйноо жаатында зор салым кошконун эске салды. “Токтогулдун көптөгөн ырлары менен күүлөрүн дал ушул Алымкул акын жазып тапшырган. Болбосо, Токтогулдун көп чыгармалары унутта калары бышык эле. Демек, Алымкул Токтогул устатына өз уулундай эле кызмат өтөдү”, - дейт Н.Нарматова.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...