Акыркы макалалар

Парламенттеги көпчүлүк коалиция Сотторду тандоо кеңешине 4 талапкерди тандоо ишин баштады

Бүгүн, 14-ноябрда парламенттеги көпчүлүк коалиция (КСДП, «Ар-Намыс», «Ата-Мекен») Сотторду тандоо кеңешинин курамына 24 талапкерден турган бирдиктүү тизме үчүн дагы 4 талапкерди тандоо ишин баштады.

Эске салсак, көпчүлүк коалиция мурдараак 8 талапкердик орунга 4 талапкерди: Асел Төлөмүшева, Таалайгүл Исакунова, Жамыйла Нурумбетова, Шамарал Майчиевди тандаган.

Мындан тышкары, парламенттик оппозиция болгон «Ата-Журт» фракциясы 4 талапкерди: Гулжамал Жумагулова, Канымбү Карабаева, Нурлан Кенжебаев, Максат Шамиловду көрсөткөн.

Парламенттик оппозиция болгон «Республика» фракциясынан Динара Молдошева, Эрлан Базарбай уулу, Керезбек Есекеев, Алмаз Калбаев көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине 8 талапкер: Бишкек шаардык сотунун судьясы Жыргал Мурзалиева, КР Жогорку сотунун судьясы Нургүл Сатыбалдиева, Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров, Талас облусундагы Кара-Буура райондук сотунун судьясы Аида Мүсүралиева, КР Жогорку сотунун судьясы Качыке Эсенканов, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Айниса Рыспекова, Нарын облустук сотунун судьясы Нуркалый Асанбаев, Ош облусундагы Ноокат райондук сотунун судьясы Нурлан Атаназаров көрсөтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...