Акыркы макалалар

Президент А.Атамбаев: Эгерде биз акча сурап, кимдир бирөөдөн кайыр күтпөйлү десек, Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүшүбүз

Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда кен тармагындагы илимий ачылыштар үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында айтты.

«Эгерде биз акча сурап, кимдир бирөөдөн кайыр күтпөйлү десек, Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн, кайсы бир жерде кенди иштетүүгө эч ким тоскоолдук кылбашы үчүн өлкөнү тартипке келтирүү керек», - деди өлкө башчы.

Президент белгилегендей, эгерде иштер туура даярдалса, аукциондор туура өткөрүлсө жана кенди иштетүү боюнча жумуштар калктуу конуштун экология мыйзамдарын бузбаса, анда иштетиш керек.

«Ал эми тоскоол болууга аракет кылгандарга карата чаралар көрүлүшү зарыл. Бул үчүн бизде баары бар, биз күч түзүмдөрүн катуу бекемдедик», - деди президент.

Ошондой эле, мамлекет башчы кийинки жылдан баштап Жерүй, Талдыбулак Сол жээкки кен чыгуучу жерлери иштей баштарына үмүт артарын билдирди. Ал эми азыркы иштетилип жаткандар жаңы кубаттуулукта иштеп, мунун барынан акчалар казынага, - деп белгиледи.

«Биз вице-премьер Элвира Кубанычбековна (Элвира Сариева) менен мугалимдердин айлыктарын кантип көтөрүүнү ойлоп башыбыз катып жүрөт. Бирок, эч ким ишканаларды иштетүүгө аракет кылбаганын эске алганда бюджетте - мугалимдерге да, окумуштууларга да акча жок болот», - деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...