Акыркы макалалар

"Бейишке барчу жол" Ачиута Саманта: “Жылмаюу тартуула!” Achyuta Samanta: «Art of Giving!”

"Бейишке барчу жол"    Ачиута  Саманта:  “Жылмаюу тартуула!”   Achyuta Samanta: «Art of Giving!”

Өткөн кылымдагы 1969-жылдын бир күндөрүндөгү таң заарындагы ызы-чуудан ойгонгон жаш бала баардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жан кейиткен ыйын көрөт. Бул аза ыйы анын атасынын бул дүйнөдөн көзү өткөнүнө байланыштуу экенин кийинчерээк түшүнөт. Анын атасы заводдо иштеген жумушчу эле, биринин артынан бири чубалган 7 баласынын улуусу 17 жашта, ал эми эң кенжеси болгону бир айлык кезинде темир жол кырсыгынан каза тапкан эле. Атасынын тапканы бул үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоосунан ашчу эмес. Ошондуктан эч кандай дүнүйө жыйып артынан калтырганга үлгүрбөгөн.

Индиянын Орисса Штатында жашаган жакыр үй-бүлө үчүн мындай оор жоготуу эртеңки күндөгү жашоосуна болгон ишеничтин бөксөрүшүнө алып келмек, үй-бүлө мүчөлөрүнүн айла кетип боздогону да ушул кейиштүү абалы эле. Ошондуктан жаштайынан кара жумуш менен өзүн эле эмес, үй-бүлөсүн багууга аргасыз болгон жаш бала жаштайынан мээнеткеч өсөт. Өзү тестиер жаш бала болгону менен балалыгына карабай өтө боорукер өскөн Ачута Саманта, өзүнөн кичине карындашын алдына алып терметип мээримин төгүп, күндө жалданып иштеп тапкан акчасынан 1 рупийден чогултуп, өзүнө окшош жакыр балдарга “бутерброд” менен чай алып берип, апасынын көзүнөн аккан жашын аарчып, көңүлүн көтөргөн, айланасындагы адамдарга кам көргөн кичинекей бала бой жетип, Адам деген улуу атка татыктуу болуп, дүйнөлүк деңгээлде белгилүү инсанга айланды.

Анткени, ал дайыма өзү жашаган чөлкөмдөгү адамдардын жакыр жашоосун жакшы жакка кантип бурсам болот экен деген жан дүйнөсүн эзип келген ойду ишке ашыра алды. Окуу жайды аяктап окутуучулук кызматта жүрүп, чөнтөгүндө болгону 5000(беш миң) рупийи же 100(жүз) АКШ долларына жакын каражат менен алгачкы жолу 1992-жылы ижарага имарат алып 2 институт ачканга жетишет.

Бүгүнкү күндө бул институттун бири өлкө ичинде абройлуу институтка айланып 25 (жыйырма беш) миң ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерге билим берет. Ал эми, экинчи институтта жакыр үй-бүлөдөн келишкен 20 (жыйырма) миң бала бекер билим алышат жана алардын жатакана, тамак-аш, саламаттыгын көзөмөлдөө маселеси институттун мойнунда.

Жакында биздин шаардагы ири жогорку окуу жай эсептелген Жалал-Абад мамлекеттик университетине Калинга социалдык институтунан өкүлдөр тажрыйба алмашуу сапары менен келишип, окуу жай жөнүндө азыноолак кеп козгошкон. Мындан кийин эки окуу жай байланышта студенттердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жагын караштырып ишке ашырмай болушту.

Аймактагы турмуш

Индиянын Орисса штатында жай турмуш өткөргөн элдердин жашоо-турмушу өтө жөнөкөй жана учурдагы цивилизациядан кыйла артта калып билимдин, байланыш түйүндөрү менен саламаттыкты сактоо системасынын жоктугу аларды ого бетер аярлуу көрсөтөт. Бул аймактын жашоочуларынын сабатсыздыгынан пайдаланган ишкерлер менен инвесторлор, алардын жеринде жайгашкан пайдалуу ресурстарды аңтара казып, токой-бактарын кыйып жылдан-жылга бул элге тиешелүү болгон байлыкты эңшерип келишет. Бул аймактын жашоочулары сабатсыз жана өтө караңгы болгондуктан аларды каалагандай пайдаланып, кул катары колдонгон “эргулдар” да жок эмес. Ошондон да, Ачута Саманта өз жеринин тургундарынын жашоосун жеңилдетүүнүн бирден бир жолу, бул аларга билим берип, сабаттуулугун көтөрүү керек деген чечимге келет. Жакыр адамдардын балдары бекер тарбияланышы үчүн тынымсыз иш алып барып Орисса штатынын ар кандай район-шаарларында жыйырмага жакын филиалдарын ачууга жетишет. Калинга социалдык институтун 1993-жылдардан баштап 2013-жылы ичинде бир млн. бүтүрүүчү келечегине ишенимдүү жылмаюу менен карган жаштардан болушкан. Ал эми, келечекте 2020-жылга жакыр үй-бүлөлөрдүн билим алган балдарынын саны 10 млн. жетет дешет.

Өзү жашаган айылдын социалдык-экономикалык деңгээли оңолушу үчүн да чоң салым кошуп, инфраструктурасын жакшыртууга дайыма аракет жасап келет. Ачута мырза, ижарага алган эки бөлмөлүү батирде жөнөкөйлүк менен жашоо өткөрөт, азырынча үй-бүлө күтө элек. Бүт өмүрүн жана билимин жакыр адамдардын балдарына билим берип, алар жашоодо татыктуу ордун тапса деген жигердүү аракети менен өмүр кечирип келет. Материалдык байлыкка маарыбай, алтын-күмүшкө оронбой, дүйнөдө баа жеткис соопчулук алып, муктаждарга билим берип, турмуш жолун көрсөтүп бейишке барчу жолду басып келе жатат.

Калинга социалдык институту

Бул институт алгачкы жолу 1993-жылы жаңыдан ачылганда болгону 125 гана жергиликтүү калктын балдарын тарбиялоого мүмкүнчүлүгү жеткен. Бүгүнкү күндө 25 миң бала бекер тарбиялаган окуу жайда балдар, бала бакчадан баштап бакалавр жана магистрлик денгээлге чейин билим алышат. Окуу жайды ийгиликтүү аякташып, дүйнөнүн белгилүү окуу жайларына окууга өтүп, билимин улантышат. Социалдык институт жайгашкан аянты 1,5 млн. кв. метрди түзөт. Балдар үчүн абдан чоң музей, галерея, мультимедиялык компьютердик парк, библиотека, 10 миң адамдык чоң жыйындар залы, медициналык көзөмөл, спорттук машыгууга ылайыкташтырылган спорт имараттары, заманбап ашкана, мейманкана, баардык шарттары менен жатакана каралган, булардын баары видео байкоодо жана энергоүнөмдөөчү жарыктандыруулардан турат.

Институттун тарбиялануучулары спорт жаатында да чоң көрсөткүчтөргө жетишип, ар кандай деңгээлдеги чемпионаттардын жеңүүчүлөрү болуп келишүүдө. Билим алуу боюнча өлкө ичиндеги жана эл аралык деңгээлдеги “Жаштар күнү”, илимий-практикалык конференция сыяктуу иш-чараларга катышып турушат. Дайыма ден-соолугуна кам көрүлүп, билим алуусу тереңдетилип тарбияланган студенттер өздөрү окуган институтту көп жакшы жактары менен дүйнөгө тааныта алышты. ООН фонду аймак жашоочуларынын турмушуна байланыштуу ар кандай суроолорго жооп алууда, фонддун төрагасы Пан Ги Мун менен түз байланышууга Азия континентинен Калинга социалдык институтун тандап алды. Бул институт дүйнөнүн 20 мамлекети менен тыгыз байланышта иш алып барат. Дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү инсандар мындай уникалдуу институттун турмушу менен жакындан таанышуу ниетинде келип жеринде көрүп кетишип турушат. Алар: президенттер, белгилүү спортсмендер, шоу-бизнесинин өкүлдөрү, дипломаттар сыяктуу белгилүү инсандар. Бул институтка дүйнөлүк “А” статусу Адам ресурстары дүйнөлүк институту тарабынан ыйгарылган. Индия мамлекетинин башка штаттарына да ушундай окуу жайды ачып, учурда 25 миң бала окутсак, келечекте жакыр үй бүлөлөрдүн 200 (эки жүз) миң баласын окутуп, билим-тарбия берип коомго татыктуу инсан тартуулоо – бул биздин максат дейт Ачута Саманта. Биздин бул максатыбыз ишке ашуусу үчүн бул маалыматты колдон келишинче тааныштарыңыздарга таркатсаңыз. Жашообузду жакшыртууга салым кошкон болот элеңиздер деп үмүттөнөт Ачута мырза.

Белгилүү ишкер жана коомдук ишмер, агартуучу, социалдык илимдер институтунун жана өндүрүш технологиялар илимдери институтунун негиздөөчүсү, Ачта Саманта сөз касиетин жогору баалап 2013-жылдан бери “Жылмаюу тартуула!” – деген ураандын астында балдарга сабаттуу тарбия берүү менен дүйнөгө мээрим жарыгын чачып, улуу АДАМ деген наамга ээ болду. Балдар эч кандай динине, улутуна же болбосо жашаган жерине карабастан жакшы тарбия алып, сабаттуулугун жогорулатып, коомчулуктун ичинде татыктуу өмүр кечирген инсан болуусу үчүн, ар бир акыл эстүү адам кам көрүүсү керек деп эсептейт.

www.achyutasamanta.com, www.readersdigest.co.in/kiss-of-life

Канткенде адам уулу Адам болот?

Жыпар жыт себинген адам жанындагыларга жагымдуу жыт жана жагымдуу сезим тартуулайт, ал эми билим берген адам айланасындагыларга түбөлүк ыраазылык алат да алардын ой казынасына кошумча азык берип, айланасын агартат. Билим – бул жарыкчылык, билим – бул таза, татыктуу жашоо. Кыргыз элинин сыймыгы болгон чыгаан калемгер Чынгыз Айтматов өмүр бою “Канткенде адам уулу Адам болот?” – деген суроого жооп издеп, кандай гана чыгармаларды жаратпады.

“Эзелтеден чечилбеген, улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап жоо кууса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ажалга көз жумса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Душманды кырып-жоюп басканда да,

Душмандан жан соогалап качканда да.

Түбөлүк чечилбеген улуу талаш

Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет качан коет -

Канткенде адам уулу адам болот?” – Адам акылы өзүнүн ачкөздүк кумарын токтотууга чамасы жетеби же жокпу? – деген суроо жер өз огунда тынымсыз кандай айланса Адамзаттын көңүл чордонунда да ошондой айлануусу керек.

Жогоруда белгиленгендей Индия өлкөсүндө жаштайынан жетимдиктин азабын көрүп өскөн Ачута Саманта мырзанын жасаган аракети менен миллиондогон жаштар жашоого татыктуу жолдомо алып жатканын белгилеп, кыргыздан да Ачута Самантадай асыл адамдар чыгат бекен, деген ой келет.

Орисса штатынан кем калбай биз деле жерибизди, анын байлыгын көрүнгөнгө талатып жатканыбыз ачуу чындык. Азыр биз убактылуу жалган дүйнөдө жашап жатабыз, акыры бир күн тигил жакка, келбес сапар тартабыз. Аны көпчүлүгүбүз моюнга алгыбыз келбейт. Хадиске караганда элдин, жетим-жесирлердин ырыскысын жегендердин барар жери -тозок. Андай болсо адам баласы сугунбай койсо болбойбу? Бир машина, азын оолак мал жандыктар, бир үй болсо бала -бакыра менен тынч отурганга не жетсин. Ошол жогору жактагылар эмне кылат ошончо дүйнөнү, Көрүнө алып кетпегенден кийин, өзүнө ылайыгын алып калганын элге берип салса, же болбосо эл үчүн кичине-чоң ишканаларды ачса жарашпайт беле? Эми сенин байлыгың тигинче, меники мынча деп бири бирин чукумайга өтүштү. Деги, кыргыз элин элдештирип, байлыгын ортого коюп элди саздан чыгарып кете турган кыраандар бар болду бекен?.

Мейманбү Акжолова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...