Акыркы макалалар

Калаа башчылары кандай эле? Адылов Бакыт ажы

Калаа башчылары кандай эле? Адылов Бакыт ажы

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой “Калаа башчылары кандай эле?” рубрикабыздан аздыр-көптүр убакытта шаар жетектеген инсандардын шаар башчысы болуп турган кезинде жасаган жумушун жана азыноолак өмүр таржымалы тууралу сөз козгогон элек. Апрель тополоңу 2010-жылы орун алгандан бери төрт жыл өтсө төрт мэр алмашып бешинчиси болуп жакында шаар депутаттары тарабынан шайланган Салайдин Авазов болду. Ал эми, бул жолку саныбызда Б.Адылов жана М.Арапбаев тууралуу маалымат бермекчибиз. Белгилей кетсек, бул рубрикабыз окурмандарды кош көңүл калтырбай, редакцияга байланышка чыккан шаардыктар ар түрдүү пикирин билдирип жатышат. Ошондой эле, көргөн-билгендерин айтып макалага кошуп коюуну да суранып калгандары бар. Эгер кошумча маалыматыңыздар болсо байланышсаңыздар болот. Гезитибиздин кийинки санында рубриканын айланасында топтолгон эл пикирин сунуштайбыз.

Кошумчалай кетчү нерсе, шаар башчысы болуу сыймыгына ээ болгондордун баары эле, чынында шаар үчүн жакшы ийгиликтерди жаратайын деген аракеттери болду. “Караңгы экен деп каңырыгың түтөп олтурганча, шамды тамызып койгон оң” – дегендей жаралып жаткан ийгиликти колдоп коюу ар бир инсандын инсандык парзы. Ар бир калаа башчысы шаар үчүн эч нерсе жасабады дегендин өзү туура эмес. Мисалы, кимдин тушунда эмне болду эмес, шаар көркүнө көрк кошкон учурларга саресеп салсак. Анда береги эле 2010-жылдан тарта, элдин акчасы болгон бюджеттин эсебинен шаарыбызда түнкү жарыктар орнотулуп, шаар ичиндеги мекеме-ишканалардын айланасы, борбордук көчөлөрдөгү айлампалар (круговойлор) гүлзарга айланды, шаарда эки жаркыраган эс алуу аянты учурда шаардыктарды эле эмес шаар конокторун кубандырат. Ал эми, учурда борбордук базарлардын айланасы жана ичи тартипке келди, шаардын чок ортосунда “асма көпүрө” ишке берилгени турат. Анда эмесе, кеп кезеги кийинки мэрлерде...

Адылов Бакыт ажы

2011-жылы 27-августта Жалал-Абад шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын 22-сессиясы болот. Бул сессияга шаардагы 30 депутаттын 23ү катышат, шаар мэрин шайлоо маселесине келгенде 19 депутат Бакыт Адыловго добуш берет. Кызыгы өздөрү менен чогуу депутат болуп, көп жерде туруктуулугу менен сыналган чоң ишканаларды жетектеп келген Каныбек Айтакалов шайланбай, Б.Адыловдун мэр кызматына келүүсүнө жогорку жактан “Республика” партиясынан ЖКга депутат болгон “өкүл” атасы кошо киришкен деген сөз илешип 29 жаштагы Б.Адылов мэр креслосун ээлейт.

Токтогулдун Үч-Терек айылында “Такталык” дыйкан чарбасында жана жоопкерчилиги чектелген “Сали-Ата” коомунда юрист болуп жүргөн жеринен шаардык кеңешке юрист, аппарат башчы болуп, ошол кездеги Президенттин бир тууганы “көмүскө гүбүрнатор” атыккан Акмат Бакиев алып келген деген сөз жүрөт. Апрель окуясы орун алаар жылы көмүскө “гүбүрнатор”дун кийлигишүүсүндө шаардагы муниципалдык базар ижарага дал ушул Бакыт Адыловдун апасы А.Рга берилет, апрель окуясынан кийин кайрадан муниципалдык базар калыбына келип шаар бюджетине 3-4 эсе киреше түшүрө баштаганын ошол кезде соодадепартементин жетекчилиги маалымат берет. Шаар мэри кызматына келип жатканда, көпчүлүктүн алдында мындан ары базар маселесин көтөрбөй турганын белгилейт. Бирок, Бакыт ажы, депутаттардын элдин алдында берген сөзүн унутуп калышты дедиби же өзү унуттубу, айтоор ушул учурда да доо-арызы менен шаар бюджетинен 5 млн. сом айып төлөтүп алуу далалатын токтотпой, шаар бюджетинин белгилүү бир суммасына “арест” коюлганы да айтылууда.

Жаш демилге менен шаарыбыздын чок ортосундагы “Эркиндик” аянтындагы иретсиз дарактарды жулдуруп, аты-жыты белгисиз бир даңкайган аялдын эстелиги турчу аны алдырып, тегиздетип адам басчу жолдорун кымбат баалу таштарды коёбуз деп, түстүү фонтандарды орнотуп шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуучу жайына айландырды. Экинчиси “Мир” кино театрынын алдындагы мыйзамсыз курулган имараттарды алдырып, ал жерди кооздоп, түстүү фонтандарды чыгарып, жол жээктерин көп жылдык чөп уруктарын сээп, жашылдандырып шаардын көркүнө көрк кошуу үчүн шаар бюджетинен 50 млн. бөлүнгөн акча да жетпей, кийинки жылдары да ишти аягына чыгарууга кошумча миллиондор бөлүнүп жатты.

Мына ушул эки аянт тууралуу, тендер туура эмес өткөрүлгөн, жеп койду, ичип койду деп жазчулар чыгып, маалымат каражаттарында көп айтылган. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана Архитектура башкармалыгынын Оштогу өкүлчүлүгү, Эсеп палатасынын курулуш иштер боюнча бөлүмү, Бишкек шаарындагы курулуш иштерин текшерүүчү көз карандысыз экспертизанын адистери келип текшеришкен. Жыйынтыгында “Бөлүнгөн акча каражатынан аткарылган иштин көлөмү көп” деген бүтүм чыгарылып жазмайлар жана текшерүүлөрү токтойт. Бул жолу, мэр болуп келгендердин кээ бирлерин болушунча кара пиар менен согуп турган Жалил Сапаров Бакытка деген “сүймөнчүк” мамиледе болду.

Ал эми, “жаш демилгени колдойлу” деген чакырык менен шаар кеңешинде аппарат башчысы болуп турганда, шаардык бюджеттен 2 млн. акча каражаты жаштардын төрт долбооруна бөлүнгөнүнө тиешеси бар эле. Долбоор боюнча Муниципалдык “Брусчатка чыгаруучу”, “нан бышыруучу”, “байпак чыгаруучу” жана “тигүүчү цех” болуп ачыла турган ишканалар, жаштарды иш менен камсыздап, шаарга салык төлөп, бутуна туруп алгандан кийин бюджетке акча кайтарып беришмек эле. Бирок, бул бюджетке бир сому кайтпаган муниципалдык ишкананын тагдырын териштирип, “баякы бюджетке кайтарыла турган акчалар кайда?” – деп сурамжылоо жүргүзгөндөргө үтүрөйүп, оңдуу жооп беришпеген демилгечи “жаштар”, азыр “төө көрдүңбү? – жок, бээ көрдүңбү? – жок” дешип, өз тиричилигин өткөрүп өздөрү менен өздөрү. Ал эми мектеп менен бала бакчаларга нак сүт берип турабыз деп ачылган “Нак сүт” фермасынагы 30 баш малды алууга 2млн. 600 миң сом жумшалса, жыл сайын эле малдарды багып кармоого 500-700 миң сом акча каражаты шаар бюджетинен бөлүнүп келе жатат. Жыйынтыгында шаарга бир литр сүт бербеген малдар шаар бюджети үчүн эң кымбат, “алтын баштуу” малга айланып олтурат.

Баса, шаар мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана вице-мэрлерди сынактан өтүшү керек деген таризде өзүнө керектүү кадрларды жана вице-мэрлерди алмаштырып алганга жетишкен. Тесттик сыноодон вице-мэрликке жогорку балл алгандар кызматка келбей, Бакыт батасын бергендер кызматка келишкен, адистиги юрист болуп, финансы-экономикалык документтерге өзүнүн биринчи вице-мэрине кол койдуруп, өзүн жоопкерчиликтен четтеткен деген сөз айтылат.

Мэр кызматында турган учурда шаар үчүн ар кандай тармактардын жана инвесторлордун жардамы аркылуу жасалган жумуштарды мен жасадым деген адаты бар эле. Мисалы: “Шаарыбыздагы “Ленин”, “Осмонов”, “Эгемен Кыргызстан” ж.б. чоң көчөлөрдүн көпчүлүгүнө түндө жарык берүүчү жана Ленин көчөсүндөгү ар бир мамычага орнотулган кызыл-жашыл түс берүүчү электр чырактарды орноттум. Медицина тармагында областтык оорукананын аймагында кардиологиялык борбор ачылып иштеп жатат, ЖАМУнун №1 жатаканасынын күн батыш тарабына студенттердин поликлиникасын ачып, областтык оорукананын аймагындагы 3,5га жер аянттуу жерди кайра оруукананын балансына өткөрүп, Т.Тайгараев айылына асфальт-бетон заводун ишке кийридим. Спутник шаарчасындагы “Нооруз” багынын алдына эки бөлмөлүү 14 үй курдум ж.б.. Мындай ишти “менден башка бир да мэр аткарган жок” – деп, сөөмөй менен көргөзүүчү кылымда аткарылбаган иштерди аткарганын айтып бүтпөй келүүдө. Бакыт ажы Адылов тууралуу айта берсе ар кандай карама-каршы пикирлер пайда боло бергендиктен, мен сөзүмдү токтотуп шаар жашоочуларына сөз кезегин берейин.

Асанбай Жусупбеков, жазуучу, ф.и.к КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Адылов жаш болсо да көп нерсеге көзү жеткен жигит экен. Ал бийликке келгенде алгачкы күндөн эле маданият кызматкерлерин эмгегин баалап сый көрсөттү. Даталуу күндөрдө бир пияла чайын аяган жок.

Төкмө акын Абдукайым Ашымбаевге жана бийчи Комановага “Ак-шумкар” ресторанынын тушунан эки бөлмөлүү жер үйлөрдү берди. Ондон ашык маданият кызматкерлеринен “Шаардын ардактуу атуулу” наамын да аяган жок. 400миң сом акча бөлүп Майра Керим кызын эскерип Токтосун Тыныбековдун 80 жылдыгынын урматын түштүк региондон чыккан акындарды чогултуп айтыш өткөрүп берген. Ошондой эле биздин маданият кызматкерлерин Түркменстанда өткөн эл аралык фестивалга жөнөткөн. Сый деген ушунчалык болот ырахмат Бакытка, буга чейин бир да мэр мынчалык көңүл бурган эмес болчу.

Жаркынбек Эшимов, шаар тургуну.

Жакшы долбоорду баштап шаарды көрктөндүрүү, өнүгүүгө басым жасады. Бирок баштаган иши акырына чыкпай, артында ызы-чуулар болду. Мэр катары коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жүрөт.

Шаар тургуну Максатбек: Мен, Бакытты “Сали-Ата” фирмасында Акмат Бакиевдин эң жакын адамы катары иштеп жүргөн маалдан бери билем. Карьерасы да ошол адам аркылуу көтөрүлдү. Кайсы бийлик келсе, билинбей ошол бийликтин колтугуна кире калган жөндөмүнө баа бердим. Менин ал жөнүндө, кыска оюм ушундай.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...