Акыркы макалалар

Баткендеги Ак-Турпак айылдык кеңеши ЖК депутаты Т.Балтабаевдин үзгүлтүксүз текшерүүлөрү партиялашын айыл өкмөт кылууга болгон ар

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев жеке кызыкчылыктарын көздөп, текшерүүлөрдү уюштуруп жатат, деп эсептейт.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан Жогорку Кеңешке жана төрага Асылбек Жээнбековго жолдонгон катты парламенттин бүгүн, 13-ноябрдагы отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов (КСДП) окуп берди.

Мурдараак маалымдалгандай, кечээ, 12-ноябрда парламенттин отурумунда депутат Ташполот Балтабаев («Ата Мекен») коррупцияга каршы күрөшүү айыл өкмөттүн деңгээлинде катуу каршылыкка туш болуп жаткандыгын белгилеп, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү Ак-Турпак айыл өкмөтүнө киргизбей жатышкандыктарын чалып, айтып жатышат, деп билдирген.

М.Мадеминов билдиргендей, аталган катта Т.Балтабаев менен Алишер Абдрахманов жетекчилик кылган комиссия ушул жылдын 23-сентябрынан баштап, 2-октябрына чейин текшерүү жүргүзгөндүгү айтылган.

«Жыйынтыгында мыйзам бузуулардын жок экендиги тууралуу протокол түзүлгөн. Ушундай эле текшерүүнү 2007-жылы Башкы прокуратура, облустук прокуратура, Эсептөө палатасы жана Антикоррупциялык кызмат жүргүзгөн. Жалпысынан 36 текшерүү болгон», - деди М.Мадеминов.

Ошондой эле, катта комиссиянын курамына тиешелүү эмес мамлекеттик түзүмдөр, Т.Балтабаевдин партиялаштары киргендиги белгиленгендигин кошумчалады.

«Текшерүүлөрдүн негизги максаты Т.Балтабаев айыл өкмөтүн кызматтан кетирип, анын ордуна өзүнүн партиялашын дайындоо тууралуу максаты менен байланыштуу. Үзгүлтүксүз текшерүүлөр иш алып барууга тоскоол болуп жатат», - деп айтылат жөнөтүлгөн билдирүүдө.

Turmush басылмасы маалымдагандай, Т.Балтабаев Ак-Турпак айыл өкмөтүн кайра текшерүүгө келсе, жергиликтүү эл таш бараңга алабыз деп жатканын айылдык кеңештин депутаты Кайрат Жапаров бүгүн, 13-ноябрда АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...