Акыркы макалалар

Өкмөт Энергетика министрлигине өлкө боюнча электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялоону тапшырды

Өкмөт Энергетика жана өнөр жай министрлигине өлкө боюнча электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялоону тапшырды.

Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин «КР 2015-жылдагы республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолдоолор жөнүндө» мыйзам долбоорун караган бүгүн, 13-ноябрдагы отурумунда билдирди.

Өкмөт башчысы депутат Жылдызкан Жолдошеванын («Ата-Журт») суроолоруна жооп берип жатып, алдыдагы кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн аракеттер болуп жаткандыгын белгиледи.

«Энергетика боюнча мен өзүм күн сайын жыйын өткөрүп жатам жана жаңы министр да аракет кылууда, президент бул тармакка приоритеттүү көңүл бурууда», - деди Ж.Оторбаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кара-Суу районунда түнкү саат 12ден баштап кечки 6га чейин электр жарыгы өчүрүлүп жатат.

Премьер 2,4 млрд кВт/саат электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу ар бир районго электр кубатын пайдалануу боюнча лимит берилгендигин түшүндүрдү.

«Ошондуктан, жергиликтүү бийлик аймактык энергетикалык комиссия менен иштеп чыгып, саясатын жүргүзүп жатат. Эгерде, ашыкча сарптоо болуп жатса, анда сөзсүз чара көрүү керек. Эгерде, өчүрүүлөр болсо, анда биз кайсы убактан кайсы убакка чейин өчүрүү боло турганын калкка маалымдашыбыз керек», - деди Ж.Оторбаев.

Ж.Жолдошева премьер-министрден жооп албагындыгын айтса, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров (КСДП) Ж.Оторбаев башкаларга кандай жооп берип жатса, ага да ошондой жооп узаткандыгын айтты.

Ж.Жолдошева кошумча убакыт берүүнү сурады. Т.Зулпукаров башка депутаттардан ага убакыт берүү тууралуу сурап, андан соң депутаттар макул эместигин билдирди.

Элдин суранычын жеткирип жаткандыгын айткан Ж.Жолдошева кайрадан убакытты токтотууну сурады.

Депутаттардын бардыгы элдин суранычын жеткирип жаткандыгын белгилеген Т.Зулпукаров регламент боюнча иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин маалыматына ылайык, жергиликтүү бийлик тарабынан электр кубатын үнөмдөө үчүн демилге көтөрүлгөн.

«Ошэлектро» ААК боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кара-Суу районунда түнкүсүн өчүрүүлөр болгон. Бирок, 3 күн мурун өчүрүүлөр токтотулуп, учурда электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип жатат.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматы эмне үчүн кошумча нарк салыгын алдын ала алып жаткандыгы тууралуу суроо берилди.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Замирбек Осмонов билдиргендей, учурда 85 миң ишкана каттоодон өткөн. Бирок, КНС боюнча мыйзам бар: айына бир ирет жеткирүүдөн кийин, эгерде салык чыкса, анда төлөнөт.

Ж.Жолдошева ошондой эле, капиталдык салууга эмне үчүн 2 же 3% бөлүнбөй жаткандыгын сурады.

Каржы министри Ольга Лаврова түшүндүргөндөй, капиталдык салуудагы ресурстун көлөмү биринчи кезектеги иш-чаралардын чыгымдары эсептелгенден кийин аныкталат.

«2014-жылы капиталдык салуунун көлөмү 2 млрд 500 млн сомду түздү. Динамиканы өтө төмөн түшүрбөй сактоого аракет кылабыз, бирок жогору да чыга албайбыз», - деди О.Лаврова.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...