Акыркы макалалар

2015-жылдын бюджетине кошумча 1 млрд 50 млн сом каражатын кошуу сунушталды

2015-жылдын бюджетине кошумча 1 млрд 50 млн сом өлчөмүндөгү каражатты кошуу сунушу киргизилди. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, мындай чечим тармактык комитеттин 2014-жылдын 11-ноябрында премьер-министрдин катышуусунда өткөн кеңейтилген жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынган. "Мамлекеттик органдар жана мекемелер менен жакындан иш алпарып, Өкмөт менен 2015-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү тууралуу макулдашууга жетиштик", - дейт ал.

Ошентип, бюджет кирешелеринин төмөнкү түрлөрү боюнча көбөйтүлөт:

- жеке адамдардын кирешесине салык - 90,8 млн. сом;

- ички өндүрүүчүлөргө КНС - 47,5 млн. сом;

- ички продукцияга акциздик салык - 67,5 млн. сом;

- өндүрбөй калуулар - 194,2 млн. сом;

- эл аралык соодага жана операцияларга салык - 350,0 млн. сом;

- дивиденддер - 300,0 млн. сом.

"Ошондон улам, "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун кароодо анын киреше бөлүгүнүнө кошумча 1 млрд 50 млн сом өлчөмүндөгү каражатты кошуу жагын эске алуу сунушу киригизилип жатат", - деп кошумчалады Дыйканбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...