Акыркы макалалар

Оторбаев: Кыргызстанда 95-97 пайыз айыл өкмөтү дотацияда отурат

Кыргызстанда 95-97 пайыз айыл өкмөтү дотацияда отурат. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017- жылдарга болжолу каралып жаткан учурда премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда айылдарды дотациядан чыгаруу боюнча өкмөт иш алып барып жатат.

"Ошол жергиликтүү кен казуудан түшкөн үлүштүн эки пайызы жергиликтүү бийликке түшөт. Ошондой эле айыл өкмөттөрү жер салгын көтөрбөй жатышат. Эгерде салык жогорулатылса, аларга берилүүчү гранттык каражаттар кыскарат деп ойлоп жатат. Бирок андай болбойт. Биз гранттык каражаттарга тийбейбиз",- деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев, чек ара аймактарына жакын жайгашкан аймактар боюнча өкмөт начар иш жасап жаткандыгын айтып сынга алды.

"Өкмөт кашаң иш кылып жатат. Жыл сайын бюджет бекитилгенде чек ара аймактарына жакын жайгашкан аймактар боюнча мыйзамдын аткарылышын талап кылабыз. Өкмөт өзүнүн имаратына барганда эле маселени унутуп калат. 2015-жылдын бюджетинен бул мыйзам аткарылабы? Айткыла, эл уксун, алар сурап жатышат",- деди ал.

Өз кезегинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев, кабыл алынган мыйзамда абдан чоң сумма каралгандыгын айтып, ал сумманын бардыгын ишке ашырууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирди.

Ал эми каржы министри Ольга Лаврова мыйзамдын негизинде кабыл алынган программаны аткаруу боюнча, тактап айтканда чек арага жакын жайгашкан айылдарды, анын ичинде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча 100 млн сом бөлүнгөндүгүн айтты.

Өкмөт мүчөлөрүнүн мындай жообуна канааттанбаган депутат, суроосун кайра кайталады.

Коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам боюнча тизмеге 61 айыл жана 8 участок киргизилгендигин айтты.

"Жалпы эсеп менен мыйзамды аткаруу үчүн 4 млрд сом акча талап кылынат экен. Учурда анын 3/1 гана аткарылды. Көбү аткарылбай турат. Учурда маселени чечүү үчүн биз чоң министрликтерди ири мекеме ишканаларды тизмеге кирген айылдарга бекитүү маселесин иштеп чыгып жатабыз. Мыйзам аткарылат, бирок 200дөн ашык кошумча сунуштар түшкөндүктөн учурда тизмени карап чыгып жатабыз",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...