Акыркы макалалар

Нарын шаарында аз камсыз болгон жарандарга көмүрдөн жардам берилүүдө

Нарын шаарында аз камсыз болгон жарандарга көмүрдөн жардам берилүүдө. Бул тууралуу маалымат Нарын шаардык мэриясынын социалдык иштер боюнча башкы адиси Асангазы кызы Элнурадан алынды.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдар берилип жатат. Шаарда 4 миң 852 адам аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турса, анын 536сына бир миң сомдон көмүр алуу үчүн акча почта кызматы аркылуу берилип жатат. Мындай жардам жыл сайын берилип келүүдө.

"Мындан сырткары, материалдык жардам сурап кайрылган 31 үй-бүлөгө жалпы 53 миң сом берилген. Ошондой эле жеке ишкерлер да көмүр таратып жатышат",-дейт Асангазы кызы Элнура.

Бул үчүн каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...