Акыркы макалалар

Орусиялыктардын чүйгүн даам катары, топоз этине болгон кызыгуусу артты

Орусиялыктардын чүйгүн даам катары, топоз этине болгон кызыгуусу артты. Бул тууралуу КирТАГга КР айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев шейшембиде билдирди.

«Биз жылына 50 миң тоннага чейин эт жеткире алабыз. Орусиялыктарга көбүнчөсү: уй, жылкы жана топоз этине кызыгышат. Топоз этине, чүйгүн даамга катары кызыгышат, азырынча кандай көлөмдө жеткире алаарыбыз белгисиз. Чочко жана кой этине болгон кызыгуу аз, себеби Орусияда эттин бул түрлөрү ашыгы менен өндүрүлөт», - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, жаңы жылга чейин Орусияга эттин тажрыйбалык партиясын жөнөтүү пландалууда.

Эске сала кетсек, КРдан эт экспорттоого бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган, ал эми Орусия аны жоюуга макул.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...