Акыркы макалалар

Ош шаарында бала бакча тартыштыгын жеңилдетүү максатында аракеттер көрүлүүдө

Ош шаарында ушул жылдын башынан бери № 22 мектептин базасында 3 тайпалуу бала бакча иштеп жатат. Учурда мында 100гө жакын бала тарбияланууда. Шаардагы бала бакча тартыштыгын жеңилдетүү максатында, шарты туура келген мектептерге мектеп-бала бакча ачуу колго алынууда. Азыркы күндө Ош шаарында 33 бала бакча иштеп жатат, анын ичинен 29у шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу, 3өө ведомстволук, 1и шаардык мэриянын карамагында. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 2-7 жашка чейинки балдардын саны 33 миңди түзөт. Алардын ичинен бала бакчага барып жаткандардын саны болгону 12 миңге жакынын түзсө, калган 21 миңдей балага бакча керек. Балдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ал эми аларда, тактап айтканда, мектепке чейинки билим берүү мекемелерде жалпысынан 885 кызматкер иштешүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...