Акыркы макалалар

Ысык- Көл областындагы энергиясын ашыкча колдонгондор үчүн эскертүү берилди

"Чыгыш электр" ААК Ак- Суу Каракол боюнча мамлекеттик техникалык инспекциясы менен бирдикте электр энергиясын үнөмдөө максатында өткөргөн рейдтин жүрүшүндө, 3 жергиликтүү башкаруу органы, 2 ишкана 2 окуу жайына электр энергиясын берилген өлчөмдөн ашыкча колдонгону аныкталып акты түзүлдү. Бул туралуу "Чыгыш электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык электр буу казандарын пайдаланган ишканалар саат эртеӊ мененки 9дан 10 го чейин, кечки саат 18ден 19 га чейин өчүрүп турусу тийиш болгон. Чолпон- Ата, Каракол мэриясы жана Түп мамадминстрациясы, ошол эле райондун кесиптик лицейи жана Шаты орто мектеби жана Балыкчы шаарынын ишкана, мекемелери эрежени сактаган эмес. Ошол үчүн "Чыгыш электр" ААК тарабынан жогорудагы аты аталган башкаруу органдарына жана мекеме ишканаларына эскертүү берилди. Акционердик коомдун билдирүүсүндө атайы бөлүнгөн өлчөмдү сактабагандарга биринчиси эскертүү болсо, андан кийинкиси административдик айып салынат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...