Акыркы макалалар

КТРКнын кабарчысы Уланбек Дыйканбаевди унаа сүзүп кетип, учурда ооруканада оор абалда жатат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы Уланбек Дыйканбаевди 6-ноябрь күнү кечинде иштен чыгып үйгө бара жаткан жеринен унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу анын жубайы Анара Мамбеталиева фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

“Азыркы учурда абалы ото оор, баш сөөгү сынып, унаа оң капталы менен сүзгөндүктөн оң капталынын далысы, буту, ички апараттары жабыркаган, ошол күндөн бери Бишкек шаарындагы №4 шаардык ооруканада жатат. Андан бери 3-4 күн өтсө дагы дарыгерлер тарабынан эч кандай тийиштүү жардамдар көрсөтүлбөгөндүктөн ооруну басаңдатуучу уколдун жардамы менен гана жатат. Азыркы тапта абалы өтө оор. Менин кайрылып жатканымдын себеби, Уланды кимдер гана тааныбаса керек. Жан кейитип, эч кандай жардам ала албай, эки көзүн гана жалдыратып жатканы өтө өкүндүрүүдө. Сүзүп кеткен айдоочунун дайыны жок. Дарыгерлер дагы кайдыгер мамиле кылууда. Фейсбуктагы мекендештерим, кесиптештеримден суранам балким силердин үнүңөр көзөмөлдөөчүлөргө жетет”,-деп жазып чыккан А.Мамбеталиева.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...