Акыркы макалалар

КРнын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча макулдашууга 23-декабрда кол коюлат

КРнын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча макулдашууга 23-декабрда кол коюлат

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев 23- декабрда кол коёт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков Россиянын"Внешняя политика" агенттигине билдирген.

"10-октябрда Минскте Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча экинчи жол картасын бекитип берген Бажы биримдигиндеги биздин өнөктөштөргө ыраазыбыз. Ага чейин 29-майда Астанада Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасы бекитилген. Ал документте көрсөтүлгөн бардык шарттарды биздин өкмөт толук кандуу ишке ашырып жатат", - деген пикирин билдирген чиновник.

Анын айтымында, 23-декабрда Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отуруму болот. Исаков, ал учурга чейин Кыргызстан жол картасында көрсөтүлгөн бардык формалдык процедураларды аяктайт жана 2015-жылдын 1-январында өтүүчү отурумда интеграциялык биримдикке кирүү боюнча документке кол коёт.

"Учурда биздин негизги милдеттерибиздин бири 23-декабрга чейин бардык процедураларды аякташыбыз керек",- дейт ал.

Исаковдун айтымында, Минскте өткөн жыйында президент Евразиялык экономикалык биридикке кирүү менен Евразиялык экономикалык биримдикке кирген башка мамлекеттер сыяктуу бирдей башкаруу органдарына ээ болууга үмүт кылган.

Ошондой эле Исаков, бул багытта Кыргызстан өнөктөштөрү болгон Россия, Казакстан жана Белоруссиянын колдоосуна үмүттөнүп жаткандыгын айтты.

"Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн коомчулук, парламент жана бизнесмендер дагы колдоп жатышат. Кыргызстанда бир гана жол бар, ал Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу. Бизде башка альтернатива жок", - деген пикирин билдирген чиновник.

Эскерте кетсек, 10-октябрда мамлекет башчыларынын деңгээлинде Минскте өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсү боюнча жол картасын жактырышкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...