Акыркы макалалар

Issyknews. Ак-Суу районунда жол кырсыгынан 2 адам каза тапты

Саат 2 чамасында мамлекеттик № I89-10S «Мазда-Кредес» үлгүсүндөгү авто унаа «Фольксваген-Пассат» (мам.№Z49-81R) үлгүсүндөгү авто унааны ашып өтөм деп терек сүзгөн. Андан 2 адам каза болуп, 3ө жабыр тарткан. Бул тууралу Ысык-Көл облустук жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди.

Анын айтымында «Фольксваген-Пассат» автоунаасынын жүргүнчүлөрү жабыр тарткан жок: “«Мазда-Кредес» машинасында 5 адам болгон. 3 жабыр тартты. Жабыркагандар жолоочу автоунаалардын жардамында Ак-Суу райондук ооруканасына жеткирилди. Ал эми каза болгондор ошол эле райондун тургуну Т.У экени белгилүү болду, ал эми аял кишинин аты-жөнү, жашаган жери такталууда.”-дейт Н. Калмурзаев. Облуста 9 ай аралыгында 297 жол кырсыгы катталган. Андан 93 адам каза болуп, 521 ар кандай жараттарды алган. Булардын ичинен 70 жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы болгон деп кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...