Акыркы макалалар

ЖК комитети 2014-2024-жылдары калктуу пункттарды таза суу менен камсыздоону өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун жа

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймакты өнүктүрүү комитетинин бүгүн, 10-ноябрдагы отурумунда «2014-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарын ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору жактырылды.

Аталган программа суу менен камсыздоо кызматын жакшыртуу, негизги маселелерди жана перспективдүү багыттарды чечүү, кызыктар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана милдеттерин аныктоого багытталган.

Мамлекеттик программада максаттар, милдеттер жана аларга жетүүнүн жолдору аныкталган.

Анда 2014-2024-жылдары 6 млрд 885 млн сомго 800 миңден ашуун калкы бар 425 айылда, 6 млрд 403 млн сомго 2 млн 350 миңден ашуун калкы бар 11 шаарда, ошондой эле 1 млрд 600 млн сомго 27 райондун борборунда ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу жана реабилитациялоо иштерин аткаруу каралат.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...