Акыркы макалалар

Сарпашев: Өкмөт Кытай менен кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүүгө кызыкдар

Бүгүн, 6-ноябрда, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кытай Элдик Республикасынын делегациясын кабыл алды.

Аны Элдик саясый консультативдик кеңеш төрагасынын орун басары, Мамлекеттик улуттар иши боюнча комитеттин башчысы Ван Чжэнвэй жетектеп келген.

Жолугушуу учурунда Тайырбек Сарпашев белгилегендей, кыргыз тарап Кытай менен ар-тараптуу кызматташууга өзгөчө маани берет жана Кыргызстан менен Кытай ортосундагы стратегиялык шериктештик мамилелерди тереңдетүү жөнүндө декларациянын жана Достук жана коңшулаштык тууралуу келишимдин негизинде эки тараптуу кызматташууну активдештирүү үчүн чыгууда.

"Өкмөт келечекте Кытай менен экономика, энергетика, кайра иштетүү өнөр-жайы, айыл чарба жана туризм тармактарына түз инвестицияларды тартуу менен соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Ван Чжэнвэй белгилегендей, эки өлкөнүн жогорку жетекчилиги ортосундагы саясый өз-ара ишеним артуу жыл сайын чыңдалууда.

"Гуманитардык кызматташуу жана коопсуздук жаатында белгилүү ийгиликтер байкалууда. Автожолдорду куруу, энергетика жан пайдалуу кен-байлыктарды казып алуу тармагында долбоорлор ишке ашырылууда. Эки тарап үчүн пайдалуу жана келечектүү багыттардын бири туризм болуп саналат. Мунун бардыгын эске алуу менен биз байланыштарды кеңейтүүгө даярбыз", - деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...