Акыркы макалалар

Депутат өкмөт мүчөлөрүн кыргыз тилин тебелеп-тепсебөөгө чакырды

Бүгүн, 6-ноябрдаЖогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Курмантай Абдиев өкмөт тарабынан парламенттин кароосуна сунушталган мыйзам долбоорлорунун мамлекеттик тилдеги варианттарынын сапаты өтө начар даярдалып жатканын баса белгиледи.

Эл өкүлү өкмөт мүчөлөрүн кыргыз тилинин кунун кетирип, аны тебелеп-тепсебөөгө чакырды.

"Мыйзам долбоорлорун кыргыз тилине которууда каталар көп кетирилип жатат. Айрым сөздөрүн таптакыр түшүнүп болбойт. Айрым түшүнүктөр тескери бурмаланып калган. Өкмөттү канча жолу мыйзамдардын туура которулушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырсак да, оңолбой койду", - дейт депутат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...