Акыркы макалалар

Маданиятта кесибин сүйгөндөр гана иштейт

Маданиятта кесибин сүйгөндөр гана иштейт

«Улут уюткусу» программасында катардагы маданият кызматкерлеринин көз карашы менен жалпы маданияттын бүгүнкү күндөгү абалына, оош-кыйыштарына жана келечегине саресеп салдык. Маектештерибиз Мамлекеттик тарых музейинин мүдүрүнүн орун басары Давлеталиев Үсөнбек, Бишкек мэриясына караштуу С.Орозбаков атындагы №13 китепкананын башчысы Абдыкеримова Бекзия жана Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Альбина Имашева болду.

Үсөнбек Давлеталиев: «Маданият тармагы таш бака жүрүш менен келатат»

- Менин жеке пикиримде өзүбүздүн кемчиликтерибизди жашырбашыбыз керек. Кийинки мезгилдерде маданият тармагы сынак аянтчасына айланып бараткандай сезим калтырат. Анткени, акыркы жылдарда эле 9 жолу жетекчи алмашты. Ар бир келген жетекчи өз дараметинде иш алып барды, бирок, эч кандай натыйжа чыккан жок. Эми кесипкөй жаны жетекчи келди. Андан үмүтүбүз чоң, бардыгын мезгил көрсөтөт. Башка элдер менен салыштырмалуу айта турган болсок, жалпы биздин маданиятыбыз Танабайдын тартпай калган арабасы сыяктуу кылдыр-шалдыр, же болбосо, таш бака жүрүш менен келатабыз. Мисалга, кечээ жакында өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндарын ала турган болсок, мамлекет болгон колдоосун көрсөтүп, жалпы эл ошол жакка ыктады эле, ал эң жогорку деңгээлде өттү. Эгерде маданияттын бардык тармактарына ушундай көңүл бурула турган болсо тез эле көтөрүлмөк. Өзгөчө айыл жергесиндеги маданият артта калган. Чындыгында мамлекеттин жүгүн көтөрүп, кызмат кылып жүргөн азаматтар айыл жергесинен чыккандар. Ошондуктан эл үчүн күйө турган мыктылар чыксын десек, биринчи кезекте айыл маданиятын көтөрүшүбүз керек. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, мисалы, атайын музей кызматкерлерин даярдап чыгуучу окуу жай жок болгондуктан, биз тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрүн кызматка алабыз. Алар жарыбаган айлык акы менен музейге эч качан кармалбайт. Аларды студент кезинде анча-мынча каражат таап алгыла деп чакырып, кетип калбас үчүн алардын көзүн карап иш алып барып жатабыз. Ошентсе дагы айлык маянанын аздыгынан музейге гана эмес, башка тармактарга дагы жаш кадрларды кармап калуу өтө кыйын. Азыркы учурда маданият тармагында өз ишин мыкты билген жана кесибин сүйгөн гана патриот адамдар эмгек кылып жатышат.

Адыкеримова Бекзия: «Маданиятка болгон кайдыгерлик бизди маңкуртчулукка алып барат»

- Бир топ жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жатам. Албетте, мурунку учурга салыштырмалуу окурмандар аз. 21-кылым техниканын өнүккөн учуру болуп жаштар оңойуна качырып интернеттен даяр нерселерди алып калышты. Бирок, китептен ала турган билимди башка жактардан ала албайт деп ойлойм. Китеп окубагандын кесепетинен азыркы жаштар эң жөнөкөй кыргыз акын-жазуучуларынын аттарын, айырмасын, ал тургай Ч.Айтматов кандай чыгармаларды жазгандыгын билбегендерди көргөндө зээниң кейийт. Китеп – бул маданияттын башаты. Албетте китеп окубаган адам театрга, музейге, киного кызыкпайт. Бизге көбүнчө китепкананын аймагында жашаган пенсия курагындагы адамдар жана студенттер келишет. Окурмандардын аздыгынын дагы бир себеби, китепкананын фондунун жаңыланбагандыгы болуп саналат. Анткени, бул жагына мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бурулбайт, таптакыр каралбайт десем болот. Жеке авторлордун китептери менен гана толукталып турат. Кыскасы, мамлекеттин жана коомчулуктун маданиятка болгон мындай кайдыгерлиги бизди маңкуртчулукка гана алып барат.

Альбина Имашева: «Өз кесибиме болгон сүйүү мени театрда кармап турат»

- Театрдагы бир тарыхый чоң чыгарма 7-8 ай убакытты жана канчалаган адамдардын эмгегин талап кылат. Ошол нерсени эл көрүп, өз баасын берип кетсе биз ошого кубанабыз. Бир спектаклди көргөндөн кийин адам театрга өзүнөн өзү тартылат. Акыркы учурларда өзгөчө бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн чагылдырган чыгармалар репертуарга кошулуп жаткандыктан көрүүчүлөрдүн саны көбөйүп баратат. Бизди өксүткөн бир эле нерсе айлык маянанын аздыгы. Мисалы мен өз кесибимди сүйүп, ардактаганым үчүн театрда кармалып жүрөм. Болбосо, 4000-5000 сом айлык менен шаар жеринде жашоо өтө кыйын. Бир учурдагы маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү деген болбогон кеп. Театрда жаштар жок эмес. Бирок, жетишпеген каражаттын айынан алар көпкө кармала алышпайт. Театралдык окуу жайда окуп, бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү кино жагына ыктап кетип жатышат. Чындыгында бардык нерсе барып эле акчага такалат. Бул нерсе мамлекет тарабынан жакшы жолго коюлса, ансыз дагы сүйүп аткарган ишибизди маңдайыбыз жарыла, мындан эки эсе кылып аткарууга биз даярбыз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...