Акыркы макалалар

Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнө коомдук угууну жакшы өткөргөндүгү үчүн 70 миң сом байге ыйгарылды

“Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу” деген аталышта өткөрүлгөн сынакта Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнө1-орун жана 70 миң сом байге ыйгарылды.

Швейцария өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүкгүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиевдин берген маалыматына караганда,бул сынактын жалпыбайге фонду 260 миң сомду түзгөн.

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын бардык айыл аймактарынын арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык коомдук угууларды өткөрүү демилгесин колдоо максатында уюштурулган «2015-жылдын бюджетин түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу» сынагынын жыйынтыгын сынак комиссиясынын мүчөлөрү 2014-жылдын 17- сентябрында чыгарышты. 2014-жылдын 1-25-август аралыгында өткөрүлгөн бул сынакка 16 айыл аймагынын ЖӨБ органдары өздөрү өткөргөн 2015-жылдын бюджети боюнча коомдук угуулар тууралуу баяндалган табыштамаларын беришкен.

“Сынактык комиссия келип түшкөн ар бир табыштаманы кылдат карап чыгып, өз чечимин чыгарды. Ал чечимге ылайык: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнө 1-орун жана70 миң сом байге ыйгарылды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнө 2-орун жана 50 миң сом байге ыйгарылды. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуну Көк-Ирим айыл өкмөтүнө 3-орун жана 35 миң сом байге ыйгарылды”, - дейт Б.Бекиев.

Мындан сырткары, сынактык комиссиянын чечимине ылайык жети муниципалитетке 15 миң сом өлчөмүндө дем берүүчү байгелер каралды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...