Акыркы макалалар

Өткөн 10 айда өзгөчө кырдаалдар министрине интернет-сайт аркылуу 60 жаран кайрылган

10 ай ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтындагы (“mes.kg”) министрдин блогу аркылуу 60 жаран ар кандай сунуш-суроолор жана арыз-даттануулары менен кайрылышкан.

Алардын ичинен КРнын ӨКМдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу - 14, ар кайсы жогорку окуу жайлардын студенттеринен - 8, кызматтык мүнөздөгү -21, жеке мүнөздөгү суроолор менен-15 жаран, коррупцияга байланыштуу-2 жаран кайрылышкан.Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кубатбек Боронов кайрылган жарандарга өз учурунда тиешелүү жоопторду берген. Кайрылгандардын көпчүлүгү кырсыктардан жабыркаган турак жайларына мамлекеттен берилүүчү узак мөөнөттүү ссудаларды алууга көмөктөшүүнү, кооптуу аймактарга жардам көрсөтүүнү, кызматка жайгаштырууну, студенттер ӨКМге практикага чыгууну суранышкан.

Андан сырткары министрликтин 0(3222) 2-27-66 ишеним телефону да иштейт. Белгилей кетчү жагдай, министрликтин расмий сайтына "Министрдин блогу" ачылгандан кийин жарандар ишеним телефону аркылуу кайрылбай эле, министрге расмий сайт аркылуу кайрылып калышкандыгы байкалды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...