Акыркы макалалар

Терек-Суу айылынын эң көйгөйлүү маселеси болгон таза суунун башкы суу сактагычы оңдолууда…

Терек-Суу айылынын эң көйгөйлүү маселеси болгон таза суунун башкы суу сактагычы оңдолууда…

Быйыл 2014-жылдын 15-октябрында Токтогул райондук администрациясынын атайын фонду тарабынан Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылынын таза суусунун башкы суу сактагычына1500000 млн сом каралган. Бул таза суунун башкы суу сактагычынын курулушун Интер Текст Строй (ИТС) фирмасы баштады. Оңдоо иштери боюнча ИТС фирмасынын бригадири Ашырбеков Канат төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

Бул фирманын ачылганына 8-9-жыл болду. Биз буга чейин көптөгөң объектилерди, Беловодскийде бир мектеп курганбыз. Токтогулдун ооруканасын жасап бердик жана ошондой эле Бишкек шаарында майда суу каналдарын жасадык.

Бул жерге тиешелуу акча каражатынан ашыкча бетондорду жаныбыздан жана фирманын балансынан бул жакка которуп жатабыз. Бул жер тоо арасы болгондуктан баардык ишти кол менен жасоого туура келип жатат, себеби бул жерге көп нерсе жетишпейт экен, техника келе албайт экен. Балдар бул жерден 30 машинедей кум топурак алып чыгышты, бул өзү техника менен алына турган нерсе эле, айла жок»

- Бул проект архитектурадан туура эмес чийилип калган деп ойлойсузбу?

- «Акчага ченелип чийилген, каражат аз болуп жатат, ошол деңгээлде гана берилген. Бул жактарына кошумча жерлерине өзүбүздүн эле каражатыбыз менен чыгарып жатабыз, эл үчүн, элибиздин тазалыгы үчүн деп эле жазап жатабыз.

- Эгерде кошумча каражат болсо кандай кылып оңдосо болот?

- «Эгерде кошумча каражат болсо дагы 10-15метр чоңойтуш керек, учтарын жакшылап бетондоп койсок дагы 100 жылдарга чейин таза суу менен камсыз болушмак, ага каражат жетпейт. Андай кылыш үчүн дагы 5000000 млн сомдой кетет. Бирок бул жагы деле жакшы мурункусуна караганда, таза суу ичүүгө шарт түзүлдү»-дейт Канат байке.

Бул убакытка чейин айыл тургундары кудуктагы таза эмес сууларды ичип , ар кандай оорулар пайда болуп жатканын айтышкан эле. Эми болсо таза суунун башкы суу сактагычы оңдолуп элибиз таза суу ичип оору-сыркоодон алыс болот деген ишеничтемин…

Даярдаган: Раушан Жеңишбекова.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzmedia.com

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...