Акыркы макалалар

Кыргызстанда тигүүчүлүк тармак солгундай баштады

Бул тууралуу экономика министри Темир Сариевдин быйылкы он айдын жыйынтыгы боюнча жасаган баяндамасында айтылат. Маалыматка ылайык, тигүүчүлүк тармагында өндүрүлгөн товарлар өткөн жылга салыштырмалуу 18% аз. Сыртка импорт кылуу да азайды.

Министр буга Орусия менен Казакстандын экономикасынын төмөндөшүн жана чет элдик түз инвестиция агымынын кыскарышын себеп кылып көрсөткөн.

Баяндамада айтылгандай, экономиканын бардык секторлорунда жыл башынан бери эле төмөндөө тенденциясы байкалып жатат. Бажы көзөмөлүнүн күчөшү жана Ошко газдын келбей калышы да буга негиз болууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...