Акыркы макалалар

Ысык-Көл областтык социалдык фондуна 500 миң сомдон жогору карызы бар ишкана-мекемелер арбын

Ысык-Көл областтык социалдык фондуна 500 миң сомдон жогору карызы бар ишкана-мекемелер арбын. Бул тууралуу Каракол шаардык социалдык фондусунун төрагасы Марс Токтогазиев билдирди.

Анын пикирине караганда, өткөн 9 айдын тапшырмасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Каракол шаарында жана Ысык-Көл областында 2,4 миллион сомго ашыгы менен аткарылган. 9 айлык тапшырма Жети-Өгүз районунда гана аткарылган эмес. Карыздарды өндүрүү боюнча бир катар иштер аткарылып, 60 иш сотко берилген. 55 кызматкерге 105 миң сомдук айыптар салынып, анын 41 миң сому өндүрүлгөн.

Ошол эле учурда 500 миң сомдон жогору карыздары бар ишкана-мекемелери областта аз эмес. Алардын ичинен «Чыгышэлектр» акционердик коому 5 миллион сом карызы менен турат. Бирок, анда карыздарды жоюу боюнча комплекстүү иштер алынып барылууда. Же болбосо бул учурга чейин 66 миллион сом акча каражаты өндүрүлгөн. Каракол суу түтүктөр ишканасынын карызы 66,5 миллион сомго барабар. Анын 8 миллион сому Жогорку сот тарабынан алынып салынган. Ошол эле учурда Каракол коммуналдык чарбасы 8 миллион сом социалдык фондусуна карыз. Булар негизинен жылдап өндүрүлбөй келаткан эски карыздар болуп эсептелет.

Ал эми кары-картаңдарга пенсия төлөө боюнча кемчиликтер жок. Ысык-Көл областынын аймагында жашашкан 56,200 пенсионерге 2,1 миллиард сом чегерилип, ал ар ай сайын кечиктирилбей берилип турат. Ошол эле учурда 10 миллион сомго чейин пенсияларга төлөнүүчү каражаттарды жок кылып жибергендиктери үчүн Жети-Өгүз райондук соцфондусунун жетекчисине сөгүш берилип, тиешелүү почта кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...