Акыркы макалалар

Бажы биримдигине күрүүдөгү мыйзам долбоорлор даяр эмес

Бажы биримдигине күрүүдөгү мыйзам долбоорлор даяр эмес

Бажы биримдигине кирүүдө тийиштүү 33 мыйзам долбоорунун 16сы гана Жогорку Кеңешке тапшырылган. Тилекке каршы, мыйзам долбоорлордун жарымы гана даярдалгандыктан, 10-декабрга чейин баарын бүтүрүүнү айтышты.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 10-октябрында Минск шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Кыргызстан 2015-жылды биримдиктин курамында тосуу ниетинде, деп билдирген.

Бул максатка жетүү үчүн ушул жылдын 10-декабрына чейин Бажы биримдигине кирүү боюнча тийиштүү бардык мыйзамдарды карап чыгуу керек. Бирок бул боюнча өкмөттүн позициясы түшүнүксүз, деди парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бажы биримдигине кирүү үчүн зарыл болгон 33 мыйзам долбоорунун 16 долбоору гана Жогорку Кеңешке берилди. Анын ичинен 13 мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мындан тышкары, экинчи этапта каралуучу Бажы биримдигине кирүү үчүн керектүү болгон 17 мыйзам долбоору жана Бирдиктүү экономикалык айдыңга кошулууга керектүү 14 мыйзам долбоорлору бүгүнкү күнгө чейин Жогоку Кенешке келип түшкөн жок, деп белгиледи Төрөбай Зулпукаров.

Ал эми КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев ББ кирүүдө мыйзамдар менен токтомдордун долбоору даяр экенин айтты. «Учурда коомдук талкуулар жүргүзүлүп жатат. 20-ноябрга чейин талкуулар аяктап, токтом кабыл алып, толук пакетке жана Жогорку Кеңешке жиберебиз»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан үчүн Бажы бирлигине кирүү жана Бирдиктүү экономикалык айдыңга кошулуу - тышкы экономикалык саясаттагы маанилүү артыкчылыктардын бири. Убакыттын тардыгына байланыштуу бул ишти тездетүү керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...